www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда соттордун укуктук башаламандыгы барбы?

Ушул жылдын октябрь айынын башында мурдагы вице-премьер-министр Дуйшөнбек Зилалиевдин соту болуп бүттү.Биринчи май районунун соту аны күнөөлүү деп таап, тогуз жылга эркинен ажыратып, үч жыл мамлекеттик деңгээлдеги кызматтарды ээлөө укугунан ажыратты. Эске салсак, Зилалиев 2018-жылдын декабрь айында кармалган. Ага “мыйзамсыз баю” деген күнөө коюлган. Тергөөнүн билдирүүсүндө мамлекеттик кызматкердин декларацияланбаган 1 миллион доллары, батири, кеңсенин бөлмөлөрү жана кымбат баалуу буюмдары бар имиш болуп чыккан. Ошол эле учурда ал өзү ага басым жасалып жатканын, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүсүн талап кылып жатышкандыгын айтып чыккан.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү кырдаал өзгөрө баштагандыктан, мурдагы бийлик саясий көз карашы үчүн соттоп ийген кээ бир адамдарды актоо жүрүдө. Андай мүмкүнчүлүк Зилалиевде да барбы, ал өзү айткандай саясий түткүн болсо өз кадыр баркын, аброюн кайтара алабы.VB KGнин редакциясынын бул суроосуна жооп берүүгө Зилалиевдин адвокаты Таалайгул Токтакунова макулдугун берди.

Биринчи май райондук соту Дүйшөнбек Зилалиевке “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча күнөө коюп 9 жылга эркинен ажыратты. Бул иш боюнча сиз аппеляциялык арыз бересизби?

Ооба, албетте биз ал сот өкүмү менен макул эмеспиз, себеби аны таптакыр мыйзамсыз деп эсептейбиз. Ал өкүмдү чыгарганда жана бул ишти териштирүүдө сот тарабынан көп жолу мыйзам бузуулар болгон, ал жөнүндө биз биртоп жолу айтып чыкканбыз. Бул адам акталышы керек, биз ошону гана көздөп жатабыз.Бул ишти кароодо толгон токой одоно мыйзам бузуулар тергөө тарабынан да, сот тарабынан да болгон. Азыр иштеп жаткан кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык өкум чыккан күндөн тартып беш сутканан ичинде ал өкүмдүн копиясы соттолгон адамга, коргоочусуна жана күнөөлөгөн тарапка жеткирилиши керек.Бирок биз ушул күнгө чейин ал копияны алган жокпуз.Бул факт сотто күнөө ыкчам даярдалганын, ал эми соттолгон себебин дагы эле  “ойдон чыгарып”  жатышканынан белги берип турат.Өкүмдүн көчүрмөсүн албаганыбызга карабай, биз тараптан эртеси эле аппеляция берилди, бирок аны сот Бишкек шаардык сотко жөнөтпөй кармап турат. Анын себебин отуз күндүк мөөнөттү күтүш керек деп түшүндүрүштү. Андан тышкары ал материалдар сот канцеляриясына өткөн жок.

Тергөөнун билдирүүсү боюнча, Зилалиев Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси болуп турган учурда он үч компанияга тоо кен казууга мыйзамсыз лицензияларды берген деп айпталган. Өз версиясын далилдеп бере алыштыбы? Бул суроо боюнча коргоочунун позициясы кандай?

Силер абдан туура айтып жатасыңар. УКМК башында Зилалиев 13 фирма менен мыйзамсыз иш жүргүзгөн деп шашылыш түрдө билдирген, бирок тергөө учурунда алты компания электен өтпөй калган.Акыркы кунөө коюуда жети компания деп айтылды, анын үчөөндө гана лицензиясы болгон, алар да геологиялык чалгындоого уруксаат деген лицензия.Эмне жөнүндө кеп жүрүп жатканын адисттер түшүнөт. 15 менен үчтүн айырмасын карагылачы.

Биринчи күндөн баштап эле фальсификация орун алган. Андан ары карасак, жети фирманын тең өкүлдөрү, анын ичинде лицензиясы бары да Зилалиевдин аларга эч тиешеси жок экендигин айтып чыгышты. Андан кызыгы, беш компаниянын өкүлдөрү Зилалиевди ошол сотто биринчи жолу көрүп жатышканын, мурда ал кишини телевизордон эле көрүп жүрүшкөнүн айтышты!

Эми мыйзамсыз лицензия бергендиги боюнча.

Ал протоколдон Зилалиев ал комиссиянын отурумунда болбогонун жана добушун бербегенин көрдүк. Андан тышкары биз тараптан өз ыйгарым укуктарыбыздын чегинде адвокат катары комиссянын кээ бир мүчөлөрүнөн сурамжылоо жүргүзүлдү. Сурамжылоодо алар мыйзам чегинде добуш беришкенин, Зилалиев эч кандай аларга басым көрсөтпөгөнүн бир добуштан көрсөтмө беришти.Сотто биз ошол комиссия мүчөлөрунө сурак жүргүзүлсүн деген өтүнүч менен кайрылдык. Ал комиссия мүчөлөрүнүн кээ бири көрсөтмө берүүгө даяр экенин билгизип сотко келип беришти, бирок сот Эсенбаева ал өтүнүчүбүздү аткаруудан баш тартып,коргоочунун күбөлөрүнө сөз берген жок. Бул көрүнүш соттун ал ишке кызыктар экенин далилдеп турат жана коргоочу менен айыпталуучунун укуктарын одоно бузганы.

Басма сөз каражаттарында Зилалиевдин жубайына карата иш козголгондугу тууралуу айтылган. Ал Латвия банктарынын биринде мыйзамсыз акчаларды сактоо фактысы боюнча күнөөлөнгөн. Ушул иш да Зилалиевдин ишинин ичинде каралганбы? Эгер каралса, бул акылга сыярлык ишпи?

Жок. Бул факт менин кардарымдын кылмыш ишинде каралган эмес. Бирок бул фактыга кененирээк токтолуп кетиш керек деп эсептейм.Чынында эле, биздин УКМКнын өтүнүчүнүн негизинде 2019-жылдын март айында Латвиянын укук коргоо органдары тарабынан Зилалиевдин жубайы жана алардын үч өспүрүм балдары арам акча сактоо боюнча шектелип иш козголгон. Эмне үчүн өспүрүм балдары да экенин түшүдүрүп кетейин. Зилалиевдин жубайы ошол банкта балдарына эсеп ачкан. Ал эсеп билим алууга деп ачылган. Ал жакта батир сатылгандан түшкөн 42 миң доллар жатат. Ар бир балага 14 миң доллардан. Болду, ошол эле. Ал эсеп 2017-жылы ачылган. Ал таза эле топтоо эсеби!!!  Дагы бир кайталайм. Топтоо эсеби, “операционный” эсеп эмес!!! Мындайча айтканда, ал эсеп аркалуу бир доллар да эч жака которо албайсыңар, анан кайдагы миллион жөнүндө УКМК кеп кылып жатат? Бул УКМК нын Зилалиевди каралоо үчүн берген жалган маалыматы.  Сөзүм күрү болбош үчүн айтылган эсептен үч жыл ичинде бир тыйын да эч жака которулбагандыгы жөнүндө банктын көчүрмөсүн мен силерге көрсөтө алам. Ошондуктан ошол банктык эсеп аркылуу миллиондогон доллар которулду деген кеп өткөн бийликтин жөн гана жалаа жабуусу, жалган иши.

Дебатта сиз жана сиздин коргоочуңуз анын иштеринде кылмыш курамы жок экенин айтып, аны актоо керектигин аттыңыз.Эмне айткыңыз келди? Өз позицияңызды тактап коюңузчу.

Адегенде, бул иш биринчи беттен аягына чейин жалган жалоо менен башталган.  Тергөө үстүртөн, бир тараптуу болгон. Негизи, бул иш боюнча бир дагы Зилалиевге карата объективдүү күнөөлүү деген далил жок. Болгону коркутуп үркүтүү менен алынган 4-5 күбөөнүн көрсөтмөсү, алардын көбү да сот учурунда алардан көрсөтмөсүнөн баш тартышкан. Сот ушундай калп өкүм чыгарып, бир шүмдүк башаламандык түзгөн. Мен ойлойм, Сот Эсенбаев ушундай башаламандык үчүн жооп тартчу күнү алыс эмес деп, себеби менин кардарым аягына чейин күрөшүүгө даяр.

Экинчиден, бул абдан маанилүү, себеби иш мындай. Эгерде (мыйзамсыз баюу) КР КК  323 беренси боюнча карасак , анда бул кылмышта биринчи талап кылынган шарт боюнча мүлк жана бөлөк активдер ошол кызматты ээлеген  кызмат адамга жээ анын жакын туугандарына тиешелүү деп жазылышы шарт. Көңүлүңөрдү бурчу жагдай – Зилалиевге иш козголгон маалда ал кызматта иштебей калганына бир жыл убакыт болгон.

Андан тышкары, 27 бирдик мүлктүн ичинен эки бөлмө Зилалиевге таандык экенин ал, 2011-жылдан бери декларацияда көрсөтүп келген, калган бирдик мүлк анын туугандарына таандык.  Ага карабастан, тергөө менен сот күчкө салып эле бардык мүлктү Зилалиевге таңуулап жатышат, мындай болушу мүмкүн эмес! Так ошол УКМКга абдан маанилүү болгон “объектилер” кайната, кайнене, жээнине жана башкаларга таандык. Ал эми КР КПК 5 беренеси боюнча бул адамдар жакын тууган болуп эсептелбейт. Мындайча айтканда, квалификациялык белгилер боюнча бул иш мыйзамсыз байыды деген беренеге туура келбейт. Бул жакта менин кардарымдын укугун эле эмес мыйзамды да одоно бузуп жатканы көрунуп турат.

Айтмакчы, сот, Зилалиев студент болуп эч жакта иштебей жүргөн кезде эле  ата-энеси иштеп тапкан мүлкүн да “конфискациялаганга” колу барды. Элестеткилечи, сот кандай башаламандыкты кылган! Кылмыш кодексинин 2019-жылдын редакциясына ылайык соттук териштирүүгө акыркы беш жыл ичинде тапкан активдер гана кирет. Ал эми кайната, кайнене, эже, бөлө ж.б дегендердин мүлкүнүн кандай тиешеси бар?

Өзүнчө учүр. Сот Зилалиевди эки жылга жакын убактан бери эч мыйзамсыз камакта кармоодо.Бул 2014-жылдын конституциялык палатанын чечимине туура келбейт. Ал чечимде мыйзамсыз баюга шектелген адам ага иш козголгонго чейин өз активдеринин кайдан келип чыкканын тастыктаган булактарын көрсөтүп бериши керек. Бирок бул норманы бузуу менен Зилалиевди дароо камака алышты. Сиздердин эсиңиздерге ЖК башкы прокурордун жаздагы  отчётун салалы. Депутаттардын Генпрокурорго канча киши мыйзамсыз байыган деген суроосуна алар 19 деп жооп берген, бирок бир гана Зилалиев камакта олтурат. А эмнеге бир гана Зилалиев олтурат деген суроого Жамшитов жооп бере алган жок. Ушундай мыйзамсыздык, жана кош стандарт болуп жатпайбы?!. Мен ойлойм, убагы келгенде Зилалиевди мыйзамсыз камагандыгы үчүн бирөө сөзсүз жооп берет деп. Ошондуктан азыркы жетекчилердин жана сот органдарын ушул болуп жаткан баш аламандыка көңүл буруп коюсун суранат элем, жана менин кардарымдын алдын алуу чарасын  үй камагына алмаштырып анан акыйкаттуу сот териштирүүсүн күтөт элек.

 

Коомдо Зилалиев Госгеологиянын жетекчиси болуп турганда мыйзам бузуу менен лицензяларды сатчу деген ой пикир жаралган.Ошол айыптоолор Зилалиев Госгеологияда жана ГКПЭН де кызмат өтөп жургөн кезге дал келеби? Жана алар эмнеден турат?

-Жок. Андай айыптоолор  Зилалиевдин дарегине азыркы кылмыш иши боюнча жок жана болушу да мүмкүн эмес.

Биринчиден, мыйзамсыз баюу беренеси башкача диспозицияны кабыл кылат. Экинчиден, Зилалиев Госгеолгиянын жетекчиси болуп туруп лицензияларды ары бери саткан деген сөздөр калп жана чындыка дал келбейт. Бул мурдагы бийликтин пропагандасынын кесепети. Зилалиевди Ак үйдүн көрсөтмөсү менен эл алдында акырындык менен максаттуу  түрдө каралоо жүргөн. Бул факт. Ал өзүнүн принциптерин кармагандыгы үчүн жакпай калган. Бардык лицензиялар мыйзам чегинде берилген. Дагы айта кетчүү нерсе, Зилалиев өзүнүн командасы менен биргеликте реформаларды жүргүзгөн, ага чейин жер казынасын иштетүү жаатында мындай реформалар болуп көргөн эмес. Зилалиев кеткенден кийин баягы реформалар жокко чыгып калган. Ал бөлүмдө кайрадан демилгесиздик, бюрократия, ишти бүтүрбөй созуулар жана коррупциялык фактылар кайрадан оорун алган. Мен азыр Зилалиевдин кылган иштерине так токтой албайм, бирок лицензиялоонун ачык айкын жүрүшүн камсыздаганы өзгөчө мааниге ээ.

 

Зилалиевдин банк эсебинен жарыяланбаган 890 миң доллар, батирлер, офистик бөлмөлөр, жана кымбат баалуу буюмдар табылды деген маалыматка кандай комментарий бере аласыз?

Дароо эле биздин пикирди айтып коёюн. Мыйзамсыз баюу дегенге ал банк “ячейкасынын” эч бир тиешеси жок. Эмне үчүн дегенде эч кандай заттык далилдер жок. Акча алынып айып ишине тиркелген жок. Зилалиевге таандык экенин тергөө далилдей алган жок.Күнөө банк кызматкерлеринин көрсөтмөсүнө гана таяннууда, бирок банк кызматкерлери да ал акча Зилалиевдики экенин так айта алышкан жок. Жалгыз далил бул флешка. Ал флешкада ошол акчаны эсептөө убагы жазылган имиш да флешка  Зилалиевдин өзүнөн кармалып алынган деп айтылат. Бирок ал флешка да фальсификация болгон. Соттук териштирүүдө Зилалиевге банктан эч кандай флешка берилбегени билинди. Ячейканын ичиндегилерди сактоо актысында эч кандай флешка катталган эмес. Ал актыда комиссия мүчөлөрүнүн жана Зилалиевдин өзүнүн колу коюлган. Андан аркысы мындан да татаал. Сотто далилдерди изилдөөдө эч кандай флешка болгон эмес экени билинди. Анын оордуна ошол жазууну камтыган диск тиркелди. Дагы бир маанилүү нерсе, айыптоонун айтымында флешка Зилалиевден анын кармалган күнүндө 2018- жылдын жетинчи декабрында алынган. Ошол негизги далил болгон.Ал эми сот отурумунда бешинчи декабрдагы жазуулар угузулду.

 Элестекиле! Зилалиевди кармоодон эки күн мурунку жазуу. Бул мыйзам бузуу менен жасалган далилдер соттук териштирүүдө алынып салынышы керек эле. Бирок бул жакта да сот адилетсиздигин көрсөттү.

Коомду козгоп жаткан суроо – мурдагы чиновниктин банк “ячейкасында” мынча акча кайдан пайда болду деген суроо. Ал өзу эмне акча? Мурдагы бийлик мененн алардын тегерегиндегилер тергөө органдарынын жана соттун чечими менен ал акча уурдалган деген бир тараптуу тыянак чыгарып коюшкан, бирок бул жалган! Таптакыр чындыка дал келбеген факт. Уятсыз алдамчылык. Жалгыз максат менин клиентимди каралоо. Ал эмне акча экенин биз билебиз. Мен бардык жоопкерчилигим менен айта алам, ал акча Зилалиевге таандык эмес. Биз бир нече жолу ал адамдан ошол акчанын кандай акча экенин эл алдында айтып түшүндүрүп бериңиз деп суранганбыз. Бирок ал бирөөлөрдү “подстава” кылгысы келбегендигин айтат. Мен азыр ал адамдын макулдугун албай туруп, өзүмө жоопкерчилик алып ошол акчанын таржымакалын айтып берейин, себеби тергөө учурунда тергөөчүгө айтылган болчу. Бирок УКМК ал жагдайга баа берген эмес. Ал Сооронбай Жеенбековдун 2017-жылдагы президентик шайлоосуна жумшалчуу “спонсорлук” жардамдардан чогулган акча болчу. Ал “ячейкада” болгону 2-3 жума сакталып туруп Жээнбековдун штабынан бирөөнө берилген. Ага күбө бар. Зилалиев деле маңыроо адам эмес, ушундай жагдайга карата коопсуздугун камсыз кылган. Ал кездеги премьер - министрге акча түшкөндүгү тууралуу, аны Жээнбеков көрсөткөн адамга өткөзүп берегендиги тууралуу ачык информация берген. Эгерде өзүлөрунө керектүү жооп алыш үчүн бизди коркутуп үркүтпөй угуп, туура баа бере турган болсо сотко же укук коргоо органдарына акчаны алган адамдын аты-жөнүнө чейин айтып берүүгө даярбыз. Элге ал “ячейкадагы” акчанын келип чыгышын айтып түшүндүрүш үчүн юридикалык эле баа эмес, өлкө жетекчилеринин саясий эрки да керек. Себеби силер билесиңер сот бийлигинин “ көз карандысыз” экенин. Биз барыбыз күбөбүз, саясий эрк болсо үч инстанциянын адилетүү өкүмүн үч эле кундө алса болот!!!!!

Мына, болгон окуя ушундай. Эгерде бул иш башкача нукта кете турган болсо, бизде далилдер бар. Өзүңөр көргөндөй ал акчанын Зилалиевге эч тиешеси жок жана ага таандык эмес.

Квартиралар жөнүндө айта турган болсок, мен мурда айтып кеткемин: Зилалиев жубайы менен эки квартира сатып алган. Ал жөнүндө декларацияда ачык айтып көрсөткөн. Офистер болсо Зилалиевдин атасынын жана бир туугандарынын бизнеси. Атасы ал офистерге таандык документтерин сотко көргөзгөн, бирок сот аларга көңүл бурбай койгон.

Кымбат баалуу буюмдары болсо жубайынын 5-6 шакеги, бир нече сөйкөлөрү ( анын ичинде кызыныкы да болгон) 2-3 чынжырчалар. Кызына чоң- аталары белек кылган. Социалдык баракчалардан кыйкыргандай эч кандай бриллиантар болгон эмес. Негизи эле мен үчүн ушул окуя уят деп эсептейм. Бул үй-бүлөө эч качан кымбат баалуу буюм кубалаган эмес. Ошол кымбат баалуу деген буюмдар “конверттин” бир бурчунда эле калды.Тергөө тараптан ал буюмдарга арест коюлган деле эмес. Бирок сот Эсенбаев ошол кичинекей буюмду да конфискациялоого киргизип койгон. Кандай уят!

Зилалиевдин адвокаты жана Зилалиев өзү да бир нече жолу ага карата кылмыш ишин козгоо – бул саясий куугунтуктоо деген. Оз позицияңызды айтсаңыз, эмне үчүн сиз да ошондой деп ойлойсуз?

Зилалиевдин иши бул албетте саясий куугунтуктоо. Мен өз практикамда бир кылмыш ишин изилдөө учурунда мындай мыйзам бузууларды эч качан көргөн эмесмин. Дагы бир жолу кайталап кетейин, конституциалык палатанын чечимин бузуп туруп, териштирбей эле жалгыз аны камап койгону көптү айтып турат. Андан тышкары, Зилалиевдин иши боюнча иш процесси жумасына үч жолудан болгонуна үстүртөдөн буйрук бар, жана ал өзгөчө контролдо турарын жашырган да жок.  Ошол эле маалда кээ биринин иши айына 1-2 жолу каралат. Дагы бир факт. Зилалиев өзүнүн командасы менен госгеологияда иштеп жүргөн мезгилде чоң ийгиликтерге жетишкен. Ал жетектеген төрт жыл ичи бул өкмөттөгү эң бир прогрессивдүү командалардын бири болгон. Зилалиевди мактап, реформатор атап калышкан.

Күтүүсүздөн эле бир заматта ал номер биринчи коррупционерге айланды. Эске салсаңар, эки жыл бою расмий түрдө каралап турушту. Кээ бирөөнү Зилалиев жөнундө жакшы пикир айтып койгондугу үчүн тыйып салып жатышты. Үй-бүлөсүндө президентин администрациисынын жетекчиси Зилалиевге жан тарткандыгы үчүн телефон аркылуу коркутуп атканы бар. Кылмыш иши боюнча  Алмамбет Сариев  көзөмөлдөчү. УКМКнын жетекчилигине, Жогорку сотко чалып, конкретүү тапшырмаларды берчү. Ал жөнүндө так маалыматтар деле жок, бирок ар дайым айтылып келет. Дагы бир маанилүү жагдай – Зилалиевди бир нече жолу Атамбаевге каршы көрсөтмөлөрдү берүүгө мажбурлашкан. Бирок ал каршылык көрсөткөн, эмне үчүн десем көптөрү ошентип макулдугун берип бошонуп кетти, а ал болсо бирөөнө жалаа жаап бошонгусу келбегенин айткан. Ушундай принципиалдуу адам, Зилалиев. Бөлөк да күбөлөр бар. Бирок ал убагы келгенде өзү айтып берет деп ойлойм.  

КР президенттин милдетин аткаруучу Жапаров тарабынан жакында экономикалык мунапыс жарыяланды.Зилалиев ага кабылат болду бекен? Эгерде ооба десеңиз, ал мунапысты колдонуп калгыңыз келеби?

Ушул, БСКна тараган мунапыс түшүнүгүнүн маанисинде, менин оюмча Зилалиев толук туура келет. Бирок бул жакта чечилчүү кээ бир жагдайлар бар. Зилалиевге мунапыс жарыяланыш үчүн Биринчи май райондук сотунун экинчи инстанциядагы мыйзамсыз өкүмүн жокко чыгарыш керек. Андан ары мунапысты колдонууга Зилалиевдин өз макулдугу керек. Биз ага таңууланып жаткан күнөөлөр негизсиз, анда күнөө жок деп эсептейбиз. Мунапыска макулдугун бере турган болсо анда туугандарынын ага таңууланып жаткан мүлктөрдун баарын анын менчиги деп мойнуна алыш керек болот. Бирок бул логикага жана чындыка жатпайт. Эң акырында, экономикалык амнистияны колдонуу үчүн конкретүү механизм керек. Ага Жапаров 30 күн убакыт берди. Ошол 30 күндөн кийин экономикалык мунапыс  тууралуу мыйзам кабыл алынат. Ошондо көрө жатабыз го!

Зилалиевге тергөөгө көмөк көрсөтүү жана зыян келтирилген сумманы төгүп берүүсүн талап кылган сунуш түштүбү?

Жок андай сунуш түшкөн жок. Мурунку бийлик учурунда Атамбаевке каршы көрсөтмө берүүнү талап кылышкан, бирок Зилалиев макулдугун бербей койгон. Бирок бул жөнүндө силер деле билесиңер. БСКтар байма бай жазып жатышты.

Азыркы бийликтен эч кандай сунуш тушө элек. Биз барыбыз адилеттүү чечим чыгырылат деп үмүттөнүп жатабыз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости