www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жаңы насостук бекеттин курулушу менен таанышты.

Эске салсак, Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагынын Бакай участкасынын тургундарын сугат суусу менен камсыз кыла турган объектинин курулушу 2019-жылы башталган.

Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2021-жылдагы сугат мезгилине чейин  насостук бекетти пайдаланууга берүү үчүн  жүргүзүлүп жаткан иштерди тездетүү тапшырмасын берди.

«Сугат суу маселесин чечүү менен биз жөнөкөй жарандардын жашоо шартынын жакшырышына шарт түзөбүз, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө негиз болот. Ирригация тутумун жакшыртуу жана аларды модернизациялоо азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну шарттайт. Ошондуктан калкты сугат суусу менен камсыз кылуу биздин артыкчылыктуу багытыбыз», – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Белгилей кетүүчү жагдай, насостук станциянын курулушу 85%га бүттү. Сугат суусу менен камсыз кыла турган объектини ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалды. Насостук бекет курулуп бүтсө, 140 гектар жаңы сугат жерин өздөштүрүлөт, мындан тышкары учурда пайдаланылып жаткан 290 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылуунун көрсөткүчү жогорулайт. Мындан тышкары 500дөн ашык жаңы жумуш оруну түзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости