www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-октябрда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өтө турган «С5+1» форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат.

Аталган министрликтен билдиришкендей, иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы катышат.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашат.

Последние новости