www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Ысык-Көл райондук сотунун судьясы Сыдыков Акылбек Ишенбекович 55 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Сыдыков Акылбек Ишенбекович 1965-жылы 31-январда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 1989-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 1989-жылдын сентябрынан 1990-жылдын январь айына чейин Рыбачье шаардык эл сотунда судьянын стажеру, 1990-1993-жылдары Жети-Өгүз райондук мамлекеттик нотариалдык конторасында нотариус, жетектөөчү, башкы адис, Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгынын бөлүм башчысы болуп иштеген.

1993-жылдын апрель айынан 1998-жылдын март айына чейин Ысык-Көл облусунун прокурорунун улук жардамчысы, облустук прокуратуранын бөлүм башчысы, Балыкчы шаардык прокурорунун улук жардамчысы жана Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын прокурору кызматтарын аркалаган.

Президенттин 1999-жылдын 2-декабрындагы жарлыгы менен Балыкчы гарнизонунун аскердик сотунун судьясы болуп 3 жылдык мөөнөткө бекитилген. Президенттин 2002-жылдын 4-декабрындагы жарлыгы менен Балыкчы гарнизонунун аскердик сотунун судьясы болуп 7 жылдык мөөнөткө бекитилген.

Президенттин 2007-жылдын 22-майындагы №106 сандуу жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Ал эми президенттин 2009-жылдын 4-декабрындагы жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьясы болуп бекитилип, 2010-жылдын август айынан баштап Ысык-Көл райондук сотунун төрагасы болуп эмгектенип келген.

Президенттин 2016-жылдын 24-августундагы жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьясы болуп 5 жылдык мөөнөткө дайындалган. 2016-жылдын 14-ноябрынан 2019-жылдын 27-ноябрына чейин Ысык-Көл райондук сотунун төрагасы, 2019-жылдын 27-ноябрынан 2020-жылдын 1-ноябрына чейин райондук соттун судьясы болуп эмгектенип келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости