www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда 16 кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жашоочулардын бири күйүп жаткан имараттын терезесинен килемге баласын ыргытып, андан соң өзү секирип кеткен.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт тууралуу маалымат 17:10до келип түшкөн, 18:46да толугу менен өчүрүлгөн. 

Өрт 5-6-кабаттын ортосундагы лифттин шахтасынан чыккан. 

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, өрт чыккан аймактан 250-300 адам тепкич аркылуу эвакуацияланган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости