www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-августтан тарта Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай акча кабыл алынбайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, санариптештирүү жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында 2020-жылдын март айынан бери швейцариялык BPC KG компаниясы борбор калаада "Тулпар" электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда.

Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген.

"Эми үстүбүздөгү жылдын 20-августунан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбайт. Атайын акция боюнча жүргүнчүлөр стандарттык транспорттук картаны айдоочулардан 30 сомго сатып алса болот", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Жүргүнчүлөр үчүн накталай эмес төлөм ыкмаларынын төмөнкү жолдору сунушталат:

- Үч категориядагы "Тулпар" транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
- Кыргызстандын бардык банктарынын Visa жана Элкарт контактсыз карталары;
- Виртуалдуу NFC картасы;
- Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;
- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Стандарттык көк карталарды "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын кеңселеринен, О! Мегаком, Билайн мобилдик операторлордун кеңселеринен жана автобус, троллейбус айдоочуларынан сатып алуу зарыл. Көк стандарттык карталарды сатуу пункттарын шилтемеден көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости