www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башынан эле айыл-чарба министрлиги ишке аткара турчу үч артыкчылыктуу процессти аныктаган.
Бул тууралуу айыл-чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев 2020-жылдын 4-декабрында Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Ал биринчи процессти рыноктун катышуучулары – товар ташуучулар жана кайра иштетүүчүлөрдүн консолидациясы деп атады.
«Жалпысынан алганда, жергиликтүү жана аймактык базарларда канчалык ири дыйкандар болбосун, алар дүйнөлүк рыноктун ири оюнчулары эмес. Биздин милдет - аларды дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка туруштук берүү үчүн консолидациялоо», - деп түшүндүрдү ал.
«Биз дүйнөгө эч нерсе бере албайбыз, биз экологиялык таза өнүмдөрүбүз бар экенине ар дайым сыймыктанабыз. Бул сөзүбүз, биз ушунчалык кыйын жана кыраан деп угулганы менен, тилекке каршы, чындыгында биз андай эмеспиз. Бул кырдаалды оңдошубуз керек, андыктан кооперативдерди жана ассоциацияларды өнүктүрүшүбүз керек», - деп кошумчалады айыл-чарба министрлигинин башчысы.
Булак: NazarNews.kg