www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркингүл айым, коомчулукта Сооронбай Жээнбековдун пенсиясына бөлүнгөн каражат чоң талкуу жаратып, “ал үч жылда эмнени кыйратканы үчүн 150 миң сом пенсия алат?” дегендер четтен чыкты.

Мамлекет айласын таппай турган маалда экс-президенттер бюджетти эңшербей азыраак пенсия алып турса болбойт беле, буга не дейсиз?

 -- Мыйзам менен экс-президенттин макамы боюнча Сооронбай Шариповичке пенсия бөлүнөт. Президент эмес биздин убакта кээ бир депутаттар, генералдар ошондой пенсия алышчу.

Сооронбай Шариповичтин жасаган иштерин байкагысы келбей түрдүү сөздөрдү айтышкандарга анын иштери эми көрүнө баштайт. Айтайын дегеним, анын мезгилинде башталган ооруканалар салынып бүтүп калды.

Бишкекте, Кочкордо арабдар инвестиция киргизип, бир айыл курганы жатышат. Сооронбай Жээнбековдун убагында мурунку президенттердин мезгилиндегидей эки жарым миллиард доллар Кытайдан кредит алынган жок. Коррупционерлер менен күрөштү, тарыхта жок иштерди кылды.

Ишиндеги калпыстыктарга жол бергени үчүн экс-президентти жана үч премьер-министрди камады. Анын мындай үлгүлүү иштерин санай берсек түгөнбөйт. Ошон үчүн жасаган иштерин да эске ала жүргөнүбүз оң.

-- Баса, Конституция өзгөрсө эле жашообуз оңолот, мамлекет оңолот деп ишеним артсак, үмүт кылсак болобу?

-- Конституцияны өзгөрткөндө эле мамлекет өнүгүп кетсе, буга чейин өнүкмөк. Конституцияны канча жолу өзгөртүштү. Кеп Конституцияда эмес, кеп мамлекет башчыда, кадр саясатында. Жооптуу кызматтарга эч нерсени билбеген кадрларды даярдап коюшуп, алар ишти эмнеден баштап, кантип иштээрин билбей отурушат го?

Ошон үчүн Конституцияны алмаштыруудан мурун мамлекетти өнүктүрө турган идея таап, ошону ишке ашырышса болмок. Жаман мыйзам менен акылдуу башчы өлкөнү оңдоп коёт. Жакшы мыйзам менен жаман башчы мамлекетти аңга түртөт.

Булак: "Азия News" гезити

Последние новости