www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Араб Эмираты Израиль жарандарына виза берүү жараянын баштаганын жарыялады.
«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Бириккен Араб Эмиратынын Тышкы иштер министрлиги, өлкө менен Израилдин ортосундагы кызматташтыктын алкагында компромисс келишимине кол коюлгандан кийин, эки тараптуу визадан баш тартуу келишимин ратификациялоо боюнча мыйзамдуу чаралар көрүлгөнгө чейин, Израилдин жарандарынын БАЭге баруусун жеңилдетүү максатында, “Израилдин” паспорт ээлери авиакомпаниялар, туристтик агенттиктер жана туризм аркылуу кирүүлөрү үчүн расмий түрдө виза берилип баштаганын билдирди.
БАЭнин ТИМинин берген маалыматына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы компромисстик келишим Эмираттын жарандарынын Израилге жана Израилдин жарандарынын Эмиратка саякаттоо процессин активдештирүүнү камтыйт жана жакын арада ишке ашыруу баскычына өтүшү күтүлүүдө.
Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министри Абдалла бин Зайед сентябрь айынын ортосунда Израиль менен мамилелерди жөнгө салуу боюнча келишимге расмий түрдө кол койгон.
Ошондой эле, 20-октябрда Эмираттын өкмөттүк делегациясы Палестинанын басылып алынган аймактарына барып, инвестиция, соода жана технология маселелерин карап, эки тараптын ортосунда келишимдерге кол коюшкан.
Буга чейин, “Reuters” агенттиги БАЭнин өкмөттүк бизнес аймагы жарыялаган документке ылайык, Эмират Иран, Сирия жана Сомали баш болгон мусулмандар басымдуулук кылган 13 өлкөнүн жарандарына жаңы виза берүүнү токтотконун маалымдаган.
Визалык тыюу Алжир, Кения, Ирак, Ливан, Пакистан, Тунис жана Түркиянын жарандарына дагы тиешелүү.
Булак: NazarNews.kg