www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев буга чейин бодо малды сыртка сатууга тыйуу салганы менен эл арасында көптөгөн талаш-тартыш жаратып келет.

Кээ бири Токтогазиевдин мындай кадамын колдосо, айрым адамдар караманча каршы чыгып, фермерлер митингге чыгабыз деп министрдин бетине эле айтып коркуткандар да болду.

Ага карабастан, депутаттардан деле уруш жеп сынга кабылган Тилек Токтогазиев “акыры мага рахмат айтасыңар” деп гана кутулуп келет.

Жергиликтүү маалымат агенттиктердин биринде өткөргөн пресс-конференцияда Токтогазиев чет жерден айыл-чарба ишинде керектүү болгон пестициддерди контрабанда жолу менен ташып келип, мыйзамсыз иш жүргүзгөн жарандарга да кайрылуу жасады.

“Буга чейин малды сыртка сатууга тыюу салганда “жок дебесе эртерээк айтып койсоңор, биз камданып мындай тыюуга даяр болуп калат элек” деп күнөөлөгөндөр бар эле. Эми ошол пестициддерди мыйзамсыз саткан контрабандисттер, эми кезек силерде. Даяр болгула. Силерге да жетебиз. Кийин тыюу салып, кармаганыбызда “эртерээк айтып койбойт белеңер” деп айыптабагыла”,- деп айтты Тилек Токтогазиев.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости