www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгисиз хакерлер АКШ президентинин шайлоо штабынын сайтына чабуул жасашты. Бул тууралуу Дональд Трамптын кампаниясынын өкүлү билдирди.

Хакерлер шайлоо компаниясынын барактарын башкарууга мүмкүнчүлүк алышкан. Жыйынтыгында Трамптын сайтына киргендер чабуул болгонун көрүшкөн.

“Дүйнө күн сайын президент Дональд Трамп тараткан жалган маалыматтардан тажады. Дүйнөнүн чындыкты билишине жол ачууга убакыт келди”, – деп жазышкан хакерлер.

Штабдын маалыматына караганда, алар кандайдыр бир жашыруун маалыматка ээ болушкан жок, серверде андай маалымат сакталган эмес.

Кийинчерээк сайт калыбына келтирилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, соңку мезгилде АКШда президенттик шайлоонун алдында америкалык мекемелерге киберчабуулдар болууда. Күн мурун Федералдык иликтөө бюросу мындай чабуулдардын бирине орус бийлиги колдоо көрсөткөн хакерлер аралашканын маалымдаган. Москва айыптоолорду четке каккан.

Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости