www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фергана облусунун Маргилаң шаарындагы №1 Ырайымдуулук үйү жабылууда. Эки жыл мурун бул борбордо тарбиялангандар зордукталып, кыздар аборт жасатууга мажбурланып, бюджеттен бөлүнгөн каражат уурдалганы белгилүү болгон.

Элдик билим берүү министринин буйругу менен жарым жетимдер үйлөрүнө кайтып, томолой жетимдер Кокон шаарындагы Ырайымдуулук үйүнө жөнөтүлөт.

Фергана облустук элдик билим берүү башкармалыгы камкордуксуз калган балдарды тарбиялоо формаларын жана ыкмаларын жакшыртуу максатында Маргилаңдагы үй жабылып жатканын ырастады.

Балдар үйүнүн кызматкерлеринин бири учурда 11 баланын тагдыры бүдөмүк абалда экенин айтты. Анын билдиришинче, жарым жетим балдарды үй-бүлөлөрү кайра кабыл алууга даяр эмес. Кокон шаарындагы балдар үйүндө да орун жок.

Маргилаңдагы Ырайымдуулук үйүнүн мурдагы тарбиялануучусу Шермухаммад Дехканов балдар үйү жабылса, анда тарбиялангандар бир катар мамлекеттик жеңилдиктерден кол жууй турганына тынчсызданууда.

– Кокондо эки балдар үйү болгон. Бири жабылып калганда тарбиялануучулар базар аралап, ысырык түтөтүп калганына күбө болдук. Азыр Маргилаңдагы үйдү жабууну пландап жатышат. Андагы тарбиялануучуларды үй-бүлөлөрүнө кайтарып, имаратты мектепке же ооруканага айландырууну көздөшүүдө. Өзбекстанда балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары бир катар мамлекеттик жеңилдиктерге ээ. Аларга батир берилет, эгер балдар үйүнүн тарбиялануучусу жогорку окуу жайга тапшыруу учурунда 36 балл алса, бюджеттик бөлүмгө кабыл алынат. Эгер азыр Маргилаңдагы балдар үйү жабылса, балдар жөн гана көчөдө калышат, – деди Шермухаммад Дехканов.

2018-жылдын башында бул үйдө тарбияланган балдар зордук-зомбулукка кабылганы белгилүү болгон. Тарбиячылар жана фельдшер 3 жаштан 7 жашка чейинки балдарды дайыма сабап турганы, боюна бүтүп калган жашы жете элек өспүрүм кыздарды аборт жасатууга мажбурлашканы айтылган.

Балдар үйүнүн жетекчилиги бухалтерия менен кутумга барып, бюджеттик каражатты кымырып алганы да аныкталган.

Кийинчерээк балдар үйүнүн 16 кызматкерине кылмыш иши козголуп, алардын айрымдары соттолгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Последние новости