www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия учурдагы кырдаалга байланыштуу адамдарды дезинфекциялоочу аппарат чыгарды. Бул тууралуу видео-тасма Фейсбук социалдык тармагына жарыяланды.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 2069 адам вирусту жуктурган. Өлкөдө илдетти жуктургандардын жалпы саны 5698 жетти. Дагы 17 бейтапты каза тапты. Бардыгы болуп 92 адам көз жумду.

Белгилей кетсек, Түркияда медициналык кызматкерлердин айлык маянасын эки эсе жогорулатуу боюнча өкмөттүн чечими чыгарылган. Учурда алар дем алуусуз иштөөдө.

Түркияда кафелер, ресторандар, театрлар жана башка коомдук эс алуучу, чоң соода жайлары жабылган.

Учурда азык-түлүк дүкөндөр, дарыканалар жана жашылча-жемиштерди саткан базарлар иштөөдө.

Ал эми, Кыргызстанда 27-мартка карата COVID-19 вирусу жуккан 58 адам аныкталды. Алар Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ооруканаларында дарыланууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости