www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдын ала эле айтып коёлук, Ванганын оозунан чыккан сөз дал өзүндөй болуп бизге жеткен эмес. Анын айткандарын айланасындагылар жазып алышкан, анан албетте, ал адамдар өздөрүнүн түшүнгөнүнө жана билимдерине жараша кайра элге жеткизишкен. Ванга жазууларында 2020-жылга тиешелүү бир нече айтуулар бар. Ак металл Чычкан жылы адамзатка эмне алып келет? Көзү ачыктын пикири боюнча, бул жыл бүтүндөй адамзаты үчүн чукул өзгөрүүлөрдүн жылы болот. Так ушундай маалыматтарды "Сырдуу дүйнө" гезитине Динара Акун кызы жазып чыккан эле.

Бизди көптөгөн сыноолор күтүп турат, Жазуулар боюнча, 2020-жылдын биринчи жарымында глобалдуу экономикалык кризис каптап, көптөгөн мамлекеттердин ортосунда куралдуу конфликттер чыгат. Тактап айтканда, Жакынкы Чыгышта жайгашкан мамлекеттер - балким Израил же Иран Үчүнчү дүйнөлүк согуштун келип чыгышына башка мамлекеттерди тартып, көкүтө баштайт. Анан да, алар бул тирешүүлөргө катышкан мамлекеттердин саны улам арбый беришин каалашат.

Экономикалык кризиске Россия Федерациясы да кабылат, бирок, бул мамлекет кризистен чыгуунун жолун табат. Ванга "акчанын ордуна цифра-сандар колдонулуп калат" деп айткан. Ал эмне дегени? Балким, бүгүнкү күндө виртуалдык тыйын катары Адам жашоосуна кирген криптовалютаны айтып жаткан жокпу? Бул тыйындардын ролу күндөн күнгө акырындык менен өсүп бараткандыгын жашырууга болбойт. Мындан тышкары, жалаң цифраларды колдонуу менен карта аркылуу эсептешүүлөр улам тамыр жайып баратат. Мында кагаз акчалар менен чака-тыйындарды колго кармап деле кереги жок. Ушул жылдан тартып акчасыз эсептешүүлөрдүн саны жанар тоодой болуп күчөгөндөн күчөй берерин айтып жатышат...

Жарыкчылык менен кош айтышарына жакын калган мезгилдерде, 1995-жылы Ванга "Бүтүндөй Жер шарына бейпилдик орноткон адам" дал ушул 2020-жылы чыгат деп айтыптыр. Ал адам башкалардын үмүт-тилегин актайт, тынч жашоого тирек болот экен.

А бирок, ал адам каяктан чыгат, жаңы төрөлөбү же өзүнүн тагдыр чечерлик ишмердигин баштайбы, ал жагы түшүнүксүз кала берет. Антсе да, оптимисттик маанайды тартуулайт. Ошол эле 1995-жылы бул болгарлык көзү ачык 2020-жылы кубаттуулугу жагынан Күндөн кем калышпаган жаңы энергиянын булагы ачылат деп айткан. Дагы эле түшүнүксүз: ал кандай булак, кайсы өлкөдө бул ачылыш болот? А бирок, нефти жана газын сатуу аркылуу бюджетинин көп бөлүгүн толтуруп отурган Орусия үчүн бул анчалык деген жагымдуу ачылыш болбой турганын айтып кетели...

"Кар адамдардын үстүнөн бийлик жүргүзөт"

Ванганын айтымына караганда, 2020-жылы Жерде табигый катаклизмдер көп болот ("чоң-чоң от тутануулары"). Дүйнө отко байланыштуу болгон эбегейсиз толкундоолорду күтүп калат, ал көптөгөн талкаланууларды жана курмандыктарды алып келет.

Башка бир катаклизм тууралуу: "Дарыяларды жана океандарды көтөргөн кар адамдардын үстүнөн бийлик жүргүзөт" деп жазылган. Муну кантип түшүнсөк болот? А балким, ал Антарктика жарым аралынын жээктериндеги Ларсен мөңгүсүн айтып жүрбөсүн? Окумуштуулар ал мөңгүнүн көлөмдүү бөлүгү сынып ажырап кетүүсү мүмкүн экенин божомолдошот. Аны менен Дүйнөлүк океандын деңгээли көтөрүлөт, Натыйжада, Түштүк-Чыгыш Азиянын көпчүлүк аймагы, Европанын жарымы жана Түштүк Америка суу алдында калып калышы мүмкүн. Жай мезгилин ортолой "чоң көчүп-конуу" болуп, түштүк өлкөлөрүнүн элдерин Канадага, Түндүк Америкага жана Орусияга көчүрө баштайт. Тайвань жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин жакырланышы ыктымал. Ванга бул аймактарда боло турган бир нече жер титирөөлөр тууралуу айткан, анан да, аны адамдардын ишмердүүлүгү менен байланыштырган. Түштүк бөлүктөгү мамлекеттерде стихиялык коркунучтар көбөйгөндүктөн, адамдар борбордук аймактарды көздөй көчө башташат, Африканы ачкачылык курчайт. Өлүм болуп көрбөгөндөй көбөйүп, вирустук жаңы оорулар пайда болуусун шарттайт жана башка өлкөлөргө да жайыла Россиядан аман калуунун аргасын табышат. 2020-жылы Батыш Европаны диний жана этникалык кыртыштагы келишпестиктер каптайт. Ванга эч качан бүтпөгөн согуштук аракеттерден улам сириялыктардын, ливандыктардын жана башка улуттагылардын масштабдуу түрдө көчүп-конушун көрөт. 2020-жылы Европа калкы азая баштайт. Алардын территориясындагы көптөгөн согуштар болуп, адамдар апаатка учурайт деп айткан. Ал эми гегемон-мамлекет кайсы? Буга Ванга өзүнүн таамай сөзү менен жооп берген. "Америка башын жоготот. Бул өлкөнү карылыгы өлтүрөт" деген. Балким, 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоо түуралуу сөз болуп жаткандыр... 2020-жыл тууралуу алдын ала айтууларда: "Күн ойгонгон өлкө белек алат" деген жазуулар бар. Балким, көзү ачык Япония көз арткан аралдарды айтып жаткандыр. Бирок, Орусия деле өз аймагын башкаларга бере койбос...

Ири ачылыштар

Орусия тууралуу эмнени айткан? Айтымчы Ванга 2020-жылдары Орусияда эмнелер тууралуу оптимисттик маанайда айткан. Европа менен АКШны каптаган кризис Орусияны кыйгап өтүп кетчүдөй. Россия Федерациясын айтып келип, "Согушту көргөн жокмун, алоолонгон от жана күл көрүнбөйт" деп айткан, баштагыдай эле бөлүнбөс мамлекет бойдон кала берет деген. Айтымга ишенсек, дал ушул Орусия дипломатиялык жана саясий эркин көрсөтүп, бүтүндөй планетада тынчтыкты сактап кала алат жана башка мамлекеттердин агрессивдүү кадамдарын ооздуктай алат. Конфликттерди жакшы жагына чечүү ишинде россиялык лидер эң башкы ролду ойнойт, анын натыйжасында, планетадагы бейпилдик кылымдар бою сакталып кала берет. «Өнөктөштөр» баштагыдай эле россиялык негизге таянат, бирок Ванга: "Башка нерсени алар замат, өзүнүкүн жоготушат" деп эскертет. Болгар көзү ачыгынын айтымында, жайында эң чоң кургакчылык болот. Ал "күн куйкалап, дем кыстыгат", "ушунчалык ысык" деп айтат. Көпкө чейин жамгыр жаабайт, дарыялар кичирейет. Антсе да, кургакчылык айыл чарбасына зыянын тийгизе албайт. "Жамгыр жаап, түшүм болот". Көптөгөн өлкөлөрдү ачкачылык каптаганы менен, Орусия, Орто Азия ага моюн сунбайт. Келерки жылдын түшүмү ички керектөөнү канааттандыргандан тышкары, кыйын кырдаалга тушуккан кошуна мамлекеттерге да бөлүштүрүүгө жетет. Ушул жылы таланттуу балдардын төрөлүшү көбөйөт деп айткан Ванга. Бул жаш генийлер чоңоюшуп, космосту гана багындырбастан, адам баласы жашап кете ала турган дагы бир планетаны ачууга жетишишет. А бирок, ал планетага Жер шарынын бардык эле жашоочулары бара алышпайт... Ванга 2020-жылы орусиялык илимпоздордун бирөөсү медицина тармагында чоң-чоң ачылыштарды жасайт деп айтканы да кызык. Ал окумуштуу “Адам жашоосун узартып”, "өлүмдү кечиктирет".

"Чабалекей өз уясына кайтып келет"

Ванганын дагы бир айтымы кызыгууну жаратат: "Чабалекей өз уясына кайтып келет". Балким, сөз Украина тууралуу болуп жаткан жокпу? Себеби, чабалекей - Украина мамлекетинин символу. Дагы бир жазууда "Үч эже-сиңди биригишет, алардын улуусу баарын кечирет жана таарынычын унутат" делет. Бул эже-сиңдилер - Россия, Украина жана Белоруссия болушу ыктымал деген ой келет. Белоруссия менен анчалык деле эч нерсе болгон эмес го, ал эми Украина менен Россиянын мамилеси жагымдуу нукка бурулушу мүмкүн. 2020-жылы Украина жергесинде эң маанилүү саясий жана экономикалык сүйлөшүүлөр өтө турган болуп турат. Ал сүйлөшүүлөргө көптөгөн европалык мамлекеттердин лидерлери катышып, анын жыйынтыгы бардык континенттердин келечегине түздөн түз таасир этмекчи. Жыл аягында Украина менен Россиянын ортосунда үзүлгөн байланыштар кайра жанданып, мында РФ президенти тынчтык процессинин негизги демилгечиси катары көп нерсени чечет. Жыйынтыктап айтканда, Ванга 2020-жылы Орусияны гүлдөп өсүп-өнүккөн жана активдүү мамлекет катары көргөн. Аскердик жана илимий чөйрөдө ири ачылыштар дал ушул мамлекетте боло турганы тууралуу ишенимдүү айткан. Бул держава өзүнүн күчүн жана кубаттуулугун арттырып, анын лидери өз мамлекетинин атуулдарына бейпилдикти жана бакубаттуулукту тартуулайт... Ванганын мындай олуялыгына ишенсек, анда, Орусия менен жакын карым-катнашы бар Кыргызстан үчүн да жаман болбос. Себеби, азыр Орусияда биздин миллионго чукул жердештерибиз иштеп, Кыргызстанга тыйын-тыпыр салып турганын баарыбыз билебиз. Кыргызстандын экономикасы алардын тапканы менен кубаттанып турат деп ачык эле айтабыз. Демек, Орусиянын бакубаттуулугу өз кезегинде биздин республикабызды да бакубаттуулукка чакырып, оптимисттик маанайга үндөсө, анда Кыргызстан үчүн да 2020-жыл жакшы жылдардан болот экен деп жыйынтык чыгара алабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости