www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Кудрет Тачабаров өздүк баракчасына “Россияда эмгектенип жаткан кыргыз мигранттарынан салык алып жүргөн кыргыздардын "каралары" кармалды” деп билдирүү жазып чыккан.

“Болжолдуу түрдө "Сакалдын" балдары деп айтылууда. Ансыз деле бөтөн жерде мусаапыр болуп жүргөн мекендешин тоногон "каралар", Россия сага энеңдин оюну эмес! Кыргыз милициясына окшоп тоюңа кошумча көтөрүп барып, кызыл килем менен аэропорттон узатпайт. Бөтөн элде жумшак жериңерди кысып эле жүрсөңөрчү. Баатыр болсоңор, мафиялашып кеткен кыргыздын чиновниктерин тоногула! Эгер китеп окуган болсоңор, "Робин Гуд" байларды тоноп, бечараларга тараткан. Ошол себептен ал жөнүндө чыгармалар жазылып, эл арасында баатыр болуп калган. Бул видеодо задержание учурунда кандай былчылдатса, нары алып кирип алып он эсе энеңердин тоюн көрсөтөт. Бечаранын үнү Кудайга жетет, Россияда арыз жазсаң каралат. Андыктан, чала рэкеттер акылыңарга келгиле!”-деп жазган.

Бул мааылматты кайдан алганы жана кайсы булактарга таянып, чыгарганы такталган эмес.

Кармалган жарандар боюнча тастыкталган маалымат чыкты. Алар Тажикстандын жарандары экени жана өздүгү такталды. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыкты.

1. Гулаев Кодирали, 1989-жылы туулган, Тажикстандын жараны

2. Гулаев Абдулло Муродалиевич, 1995-жылы туулган, Тажикстандын жараны

3. Аллаяров Улугбек Саидмуродович, 1991-жылы туулган, Тажикстандын жараны

4. Турсунов Тагайбек Абдыназарович, 1981-жылы туулган, Тажикстандын жараны

5. Чаббаров Пардабой Косималиевич, 1985-жылы туулган, Тажикстандын жараны

Эске сала кетсек, ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү булар кыргызстандык экени тууралуу расмий маалымат жарыялаган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости