www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда Орусиянын "Рождество" тобунун "Ушунчалык жашагым келет" (Так хочется жить) аттуу ыры коронавируска каршы күрөшүүдө популярдуулукка жетишти.

Бул ырды Орусияда бир нече жыл жашап, иштеп келген кытайлык жаран Фейсян орус тилинен кытай тилине которуп, интернет тармагына видео-тасма кылып жүктөгөн. 

Видео-тасмада күн сайын иштеген дарыгерлер, ошондой эле ооруканаларда бейтаптарды таштап кетүүгө аргасыз болгон жакындары камтылган. Дээрлик ар бир кадрдан элдин көз жашын көрүүгө болот.  "Ушунчалык жашагым келет" деген сөздөр Кытай элинин ишениминин жана үмүтүнүн чыныгы символу болуп калды. Демек, Кытайда  ар бир үй-бүлөдө жана ар бир үйдө бул ырды угушат.

Белгилей кетсек, “Рождество” тобунун ыры менен тартылган клип Кытайдын социалдык тармактарында 130 миллиондон ашык  көрүүчү көргөн. 

Көп өтпөй ошол эле ырды кытайлык ырчы Жоу Шань (周珊) аткарып, ал да көп көрүүчүлөргө ээ боло алган.

Ага кошумча, кытайлык 10 жаштагы ырчы Сюй Мохан аталган ырды ырдап чыккан.

Эске сала кетсек, "Рождество" тобунун ыры 2010-жылы жарыка чыккан. Сөзү, обону Геннадий Селезневге таандык. Геннадийдин айтымында, бул ырда кайгылуу окуялар көп кездешет.

Биринчиден, атасы ооруга чалдыгып, бирок ооруну эки жылда жеңип чыгат. 

Ошондой эле ырчы үчүн эң чоң жоготуу апасы жана байкесинин өлүмү болот.

Ошондой эле ыр жарыка чыккандан баштап, коомчулуктун сүймөнчүлүгүнө айланган. 

Белгилей кетсек, 27-мартка карата коронавирус дүйнө жүзү боюнча 590 287 адамга жугуп, анын ичинен 26 945и бул дүйнө менен оорудан  кош айтышты. Ал эми илдеттен 132 447 бейтап айыгып, 200дөй өлкөгө вирус жайылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости