www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Сергей Костронов болгариялык көзу ачык Ванганын коронавирус болушу мүмкүн деген пайгамбарлыгы жөнүндө айтты. Ал “Россия 1” телеканалынын “Прямой эфир” программасына конокко келгенде билдирди.
Белгилүү болгондой, Ванга Россияга “сары адамдардан” кырсык келет деп эскерткен. Бирок, ал өлкө кырдаалга карабастан күрөшүп кете алат деп түшүндүргөн.
Костронов Ванга миллиондогон адамдын өмүрүн бурган, востоктон келген коронавирус жөнүндө билдирген деп эсептейт. Ошондой эле, ал жазында инфекция басаңдайт, бирок, оорунун экинчи толкуну келет деп айтканын баса белгиледи.
Белгилей кетсек, 27-мартка карата коронавирус дүйнө жүзү боюнча 590 287 адамга жугуп, анын ичинен 26 945и бул дүйнө менен оорудан кош айтышты. Ал эми илдеттен 132 447 бейтап айыгып, 200дөй өлкөгө вирус жайылды.
Илдетти эң көп жуктурган өлкөлөрдүн тизмеси:
• АКШ - 104256
• Италия - 86 498
• Китай - 81 340
• Испания - 64 059
• Германия - 50 871
• Франция - 32 964
• Иран - 32 332
• Улуу Британия - 14 543
• Шведцария - 12 928
• Түштүк Корея - 9 332
Ал эми Кыргызстанда 27-мартка карата COVID-19 вирусу жуккан 58 адам аныкталды. Алар Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ооруканаларында дарыланууда.
Булак: NazarNews.kg