www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин ЖКнын депутаты Дастан Бекешов Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик жана жергиликтүү шайлоону 2021-жылга жылдырууну, ага чейин азыркы парламент айлыксыз иштеп берүү сунушун көтөрүп чыккан эле. Бул тууралуу ар кандай сын пикирлер айтышууда. Алардын бири Шамурза Бөрүкулов төмөндөгүдөй пикирин билдирген:
“Дастан Бекешов деген депутат шайлоону келерки жылга жылдырыш керек деген өзүнүн тупой сунушун парламентте киргизиптир. Оозун чормойтуп публичный домдордогу ойсекелерге окшоп сүйлөгөн АШАнын бул куйругунун максаты эмне экенин эл билбейт деп ойлойт окшойт. АШАсынын СДПКсы ашмалтайы чыкты, СДПКнын депутаттарынын ар биринен эл көңүлү “поктой” эле калып бүттү, ошондуктан келерки шайлоодо парламентке илинбей калышын билип калышты. Дал ошон үчүн бир күн болсо да депутаттык креслону бошоткусу келбей жатат.
АШАнын шарапаты менен кокусунан парламентке келип калган сабатсыз, кругозорлору төмөн, жалаң өздөрүн ойлогон начар депутаттардан биз тажап, мүмкүн болсо бүгүн эле ушулардан кутулсак экен деп күн санап калдык. Коронавирусту шылтоо кылбай эле койсун, Кудай буюрса жалпы дүйнө элине келген тарткылык болуп, кандай келсе ошондой кетет. Быйыл күздө белгиленген күнүнө шайлоо өтүш керек, биз жаңы жүздөрдү, жаңы адамдарды көргүбүз келет. Дальше чыдаганга сабырыбыз жетпейт. Кыргызстандын тарыхындагы эң шалтурук, бечел, билими төмөн парламент ушул чакырылыш болду. Ылайым чимкирик депутаттардын биринчилери да, акыркысы да ушулар болсун, экинчи парламенттен караандары өчүп жоголсун деп тилек кылып Кудайдан зар какшап тилеп олтурабыз.
Тимеле элге күйгөн партиот болуп: "айлык, премия албай иштейбиз" дегенине эмне бересиң? Айлык алып, бүт бюджетти кемирип жатып иш кылган эмессиңер, эми айлык албай жыргатат белеңер?
Аттан түшүшсө да эгер токумдан түшпөй жармашкан ары жок жепжутарлар, силерди көрөргө көз калбады. Өзүңөрдүн акыбалыңарды билип, колуңардан келген ишти кылгылачы, эгер эле адамдык сапатыңар бир аз калган болсо. Эмне деген гана атка конбодуңар?
Дастан Бекешов, ты устал. За этот пять лет ты показал себя только отрицательным образом. От тебя не было толк. Ты стал эталлоном высшего класса подхалимство, двуличие и позора. Ты самое слабое звено, убирайся вон”,-деп жазган каңыры түтөгөн социалдык тармактын колдонуучусу.
Булак: NazarNews.kg