www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын бардык периметри боюнча оор кагылышуулар жүрүп жатат. Бул тууралуу КР УКМКсынын маалымат кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, тажик тарап оор бронетехниканы, РСЗУ ракеталык системаларын жана авиацияны колдонууда.

“Тажикстандын жерден жана абадан жасалган бардык чабуулдарын кыргыз тарап тосуп, Кыргызстандын аймагын, калктуу конуштарын басып алууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Окуя болгон жерде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атышууну токтотуу жана абалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости