www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-сентябрда ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ЖККУдан кабарлашты.

Сүйлөшүү жүрүшүндө тараптар чыр-чатакты тынчтык жолу менен гана чечүү үчүн компетенттүү органдар аркылуу ок атууну дароо токтотуу жана учурдагы кырдаал боюнча сүйлөшүү жүргүзүү зарылдыгын билдиришти.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-сентябрда бир нече жолу атышуу болгон. Бүгүн, 16-сентябрда, кырдаал курчуп, кайрадан аткылоо жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости