www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын аба мейкиндигине кирген Украинанын эки тик учмасы сокку уруп, анын кесепетинен Белгород облусунун мунай базасында өрт чыкты. Бул тууралуу облустун губернатору Вячеслав Гладков өзүнүн Telegram-каналы аркылуу кабарлаганын РИА Новости жазды.

«Украинанын куралдуу күчтөрүнүн эки тик учмасы Орусиянын аймагына кирип, авиасокку урган. Мындан улам мунай базасында өрт чыкты. Каза болгондор жок», — деди Гладков. Ал, ошондой эле, өрттү өчүрүүгө шаардын ресурстары жетиштүү экенин белгиледи. ӨКМдин кызматкерлери өрттү чектөөгө аракет кылып жатат. «Калкка коркунуч жаралган жок», — деди Гладков.

Жума күнү эртең менен Белгород облусунун башчысы мунай базасында өрт чыкканын кабарлаган. Анын айтымында, эки адам жабыркаган, бирок өмүрүнө коркунуч жок. Базага жакын үч көчөдөгү тургундар коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Алар өрт толугу менен өчүрүлгөндөн кийин үйлөрүнө кайта алат.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости