www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Депутаттар тобу таштанды полигонуна барды

Жогорку Кеңеште бир мандаттуу шайлоо округдарынын шайланып келген депутаттардын “Элдик” тобунун бүгүн, 1-апрелдеги көчмө жыйыны Бишкектеги таштанды полигонунда өтүп жатат. Анда мэриянын жетекчилери менен бирге таштанды маселелери жана анын чечүү жолдору талкууланмакчы.

Буга чейин Бишкектин түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайды жөнгө салуу үчүн Европа өнүктүрүү банкынан 22 миллион евро бөлүнөрү, анын теңи насыя түрүндө берилери кабарланган. Таштанды полигонун жөнгө салуу долбоорун эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы утуп алганы айтылган.

Февраль айында ошол кездеги шаар мэри Айбек Жунушалиев бул каражаттын 10,5 миллиону коротулганы менен эч кандай иш жасалбаганын айткан.

Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасы учурда оор абалда. Техниканын жетишсиздигинен улам убагында түртүлбөй, сорттолбогон таштандылар белгиленген аймактан чыгып кеткен.

Бишкектеги таштанды жай 1978-жылдан бери колдонулуп жатат жана убагында 400 миң кишиге эсептелген. Азыр борбордо миллиондон ашык киши жашайт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости