www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илдет күчөп турган учурда Сауд Арабияга умрага барып келген Алайдын 6 тургунунун коронавируска карата тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Бул тууралуу аталган жарандардын ооруканадагы тартылган видеосу тарады.
Ал эми аталган окуя боюнча Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы төмөнкүлөрдү билдирди. 
«Бүгүнкү күндө Гүлчө айылында 141 орунга ылайыкташкан обсервация даярдалды. Ал эми аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө кичи ажыдан кайтып келип, атайын стационардык шартта көзөмөлдө турган 6 жарандын анализдеринин жыйынтыгы таза чыгып, дарыгерлердин консилиумунун корутундусу менен үй шартында көзөмөл жүргүзүүгө чыгышты. Учурда аймактык ооруканада 55 койкага ылайыкташкан атайын жай уюштурулган», - деди Нуркыз Кадырбек кызы.
Эске салсак, коронавирус боюнча Республикалык штабдын маалыматына карганда 23-мартка карата коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок. Бардыгы болуп республикада COVID-2019 кабылгандардын саны 14 (6 эркек, 8 аял). Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгондордун саны - 2628 адам.
📍Кыргызстандын 7 облусуна 14 санитардык-карантиндик пост орнотулат. Алар 2 нөөмөттө күнү-түнү иштешет.
📍ӨКМ жер-жерлерде бардык облустардын айыл-шаарларынын ички көчөлөрүн дизинфекциялоодо.
📍Өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабастан, мамлекеттик органдар көнүмүш иш графиги боюнча иштешет.
📍"Манас" жана "Ош" эл аралык аэропорттору аэробекеттерге узатуучуларга жана тосуп алуучуларга кирүүнү убактылуу чектеди. Аэропорттордун имаратына билеттери бар жүргүнчүлөр гана өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости