www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөдөн Кыргызстанга кирип келген жарандарга такыр шарт жок. Бул тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине бүгүн, 23-мартта мурдагы депутат Кубанычбек Исабеков жеринен билдирди.

--Биз кечээ, 22-мартта Кыргызстанга кирип келдик. "Манас" аэропортунан бийликтегилерден аким менен ӨКМ тосуп алып, биз менен 50 метр алыстан сүйлөп жатышты. Андан соң автобуска жарым саат кармашып, андан кийин жергиликтүү лицейдин бирине 87 эркек менен 76 аялды камап кетишкен. Лицейдин ичи суук, жаздык менен төшөк, дарыгерлерде атайын кийим турмак, бет кабы жок. Жалпы 164 киши болсок, болгону 8 термометр бар. Арабызда ар кандай улуттун өкүлдөрү, кары-картаңдар, кант диабети менен ооругандар бар, жок дегенде колубузда жүрөк оорусуна колдонулган валерианка таппай жатабыз. Муздаткыч жоктугуна байланыштуу менин көзүмө алган 1 миң 30 еврого алган даарым жараксыз болуп калды. Ажааткананы эми айтыштын кажети жок. Албетте мен өкмөттү түшүнүп турамын, бирок иштеш керек да. Карантинге алынгандарды кылдаттык менен карашы зарыл, мындай тартипте оорубаган адам өлүп калышы мүмкүн”, - деди Кубанычбек Исабеков.

Эске сала кетсек учурда 23-мартка карата Кыргызстанда чет жактан келип, обсервацияга алынгандардын саны 2009 адам. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, үй карантинине 1710 адам алынган. Карантинге алынгандардын көпчүлүгү нараазычылыктарын билдирүүдө.

Баса белгилеп айта кетсек, буга чейин бир нече бизнесмен, аткаминерлер коронавирус дартына каршы акчалай жардам көрсөтүшкөн. Азырынча түшкөн акчалар тууралуу Өкмөт тарап үн ката элек. Обсервацияга алынган болгону 2009  жаранга шарт түзүп бере албаган Өкмөттүн барынан жогу жакшыбы? -  деген ой кетет. 

Төмөндө жеринен маек берген Кубанычбек Исабековдун маеги толугу менен: 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости