www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын диний лидери Айетуллах Али Хаманей, өлкөсүнүн коронавирус менен күрөшүүдө АКШ бийлигинин жардам сунушун кабыл алган жок. Бул тууралуу DW Freedom жазып чыкты.
АКШ бийлиги «Ирандын эң жаман душманы» деп мүнөздөгөн Хаманей:
«Америкалыктар бир канча жолу: «Бизден талап кылгыла, Иранга дары жана дарылоо үчүн жардамга даярбыз» деген сунушун кылды. Бул кызык билдирүү. Эң оболу сиз өзүңүздүн дартыңызга даба табыңыз. Эгерде колуңузда бар болсо өзүңүз үчүн колдонуңуз», - деп айтты.
Иранда жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынын алкагында 32 миллион 792 киши саламаттык сактоо текшерүүсүнөн өткөрүлдү жана саламаттык сактоо топтору 36 миллион киши менен байланыш курду.
Учурда пандемиядан Иранда 1685 киши көз жумду. Коронавирусту жуктургандардын жапы саны - 21 338.
Булак: NazarNews.kg