www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапониянын Кюсю аралындагы Сакурадзима жанар тоосунун атылышы кечээ, 24-июлда кечинде болду. Аймакта коркунучтун деңгээли максималдуу – бешинчи деңгээлге көтөрүлдү, деп билдирет Япониянын метеорологиялык агенттиги.
Жанар атылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:05те катталып, күл жана түтүн 2,5 чакырым бийиктикке көтөрүлдү, деп билдирет Kyodonews.
Метеорологдор, атап айтканда, Кагосимадагы Аримура жана Фурусато райондору жайгашкан кратерден үч километр радиуста чоң жанар тоо тектери кулап түшүү коркунучу бар экенин эскертишүүдө. Мындан тышкары, пирокластикалык агымдын коркунучу күтүлүүдө.
Буга байланыштуу Кагосима шаары үчүн коркунучтун деңгээли максимумга чейин көтөрүлдү, тактап айтканда бешинчиге сейин. Бул аймактардан адамдарды эвакуациялоону билдирет.
Япониянын премьер-министри Фумио Кишида жанар тоонун атылышынан кийин маалыматты чогултуу жана талдоо, ошондой эле адамдарды коргоо боюнча чараларды көрүүнү буйруду.
Булак: NazarNews.kg