www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын тургуну Чыңгыз Сарылдык уулуну мурдагы саясатчы Кылыч Исманбетов алдап кеткен. Бул окуяга милиция көңүл бурбай жатат. Бул тууралуу жабырлануучу «NazarNews» маалымат агенттигине билдирди.
Адилеттүүлүк издеген Чыңгыз Сарылдык уулу Президент Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысына жана башкына жана Башкы прокурорго Кайрылуу жасады.
«Кылыч Исманбетов 100 миң долларга «Лексус 570» унаасын алып келем деп убада кылган. Бирок ал убадасын аткарбай, качып кеткен. Аны ири өлчөмдө алдамчылык боюнча кармалып, кийин шаардык сот кандайдыр бир себептер менен аны үй камагына чыгарган», - дейт Чыңгыз Сарылдык уулу.
Жабырлануучунун айтымында, ал 6-сентябрда Кылыч Исманбетовго эки жуманын ичинде Лексус 570 үлгүсүндөгү унаа алып берем деп 100 миң доллар берген, бирок ал убадасын аткарган эмес.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон. Октябрь айында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин кызматкерлери кылмышка шектүү 1980-жылы туулган жаранды кармашкан.
Милиция кармалган адамдын башка кылмыштарга тиешеси бар экенин билдирген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бирок, ал жакында эле үй камагына чыгарылган.
Эске салсак, алдамчылыкка шектелген Кылыч Исмамбетов 2020-жылы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан катышкан.
Булак: NazarNews.kg