www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стамбулдун борбордук Фатих районунда газдын жарылуусунан 10 адам жабыркаганын DHA маалымат агенттиги билдирди.
Анын айтымында, адистер райондун көчөлөрүнүн бирине газ түтүгүн куруу иштерин жүргүзүшкөн. Иштин жүрүшүндө белгисиз себеп менен капысынан газ чыгып, жарылуу болгон. Андан кийин өрт чыгып, жалын үч кабаттуу үйдүн биринчи кабатын каптаган.
Белгиленгендей, 10 жабырлануучу ооруканага жаткырылды, алардын арасында газ ишканасынын үч кызматкери бар.
Апта башынан бери бул Түркиянын баш калаасында болгон биринчи окуя эмес. 15-ноябрда Стамбулдагы жарылуудан беш унаа өрттөнүп, имарат жана банкомат жабыркаган.
Ал эми ага чейин, 13-ноябрда да Стамбулда жардыруу болгон – трагедия жөө адамдар жүрүүчү эң популярдуу көчөлөрдүн бири Истиклалда болгон. Андан алты адам каза болуп, дагы 80ге жакыны жарадар болгон. Түркиянын укук коргоо органдары теракт болгонун жарыялап, ага катыштыгы бар бир нече адамды кармашкан.
Булак: NazarNews.kg