www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-көрүнүш
Саахов: Нина сизге абдан жооптуу бир милдет тапшырсам аткарып бере аласызбы?
Нина: Аракет кылып көрөбүз.
Саахов: Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов парламентте Үңкүр-Тоону Кыргызстанга өткөрөбүз деди. Мунун ачылышына катышып бербейсизби?
Нина: Үңкүр-Тоонун Кыргызстанга өтүүсүнүн ачылышына катышып беребиз.
Саахов: Рахмат!
(Үңкүр-Тоонун Кыргызстанга өтүүсүнүн ачылышы)
Саахов: - Урматтуу мырзалар жана айымдар, биздин Үңкүр-Тоонун Кыргызстанга өтүүсүнүн ачылышында абдан мыкты адамга сөз берилет. Улуу сатирик Аркадий Райкин айткандай: "Аял- адамдын досу".
Шурик: Бир мүнөткө күтө тургула...Жайыраак сүйлөсөңөр, мен жазып атам...
Саахов: Бул ким?
Шопур: Пресса...
Саахов: - Урматтуу Аркадий Райкин айткандай, аял адамга дос. Мен азыр ушул Үңкүр-Тоонун Кыргызстанга өтүүсүн ачканга сулуу аялзатын чакырам. Бул азыркы посолюха, бир учурдагы студентка, комсомолка, спортсменка, айтмакчы, ал абдан сулуу кыз.
Шурик: Грандиозно! Аялдар үчүн алып жиберели!
Саахов: Бул ким?
Шопур: Журналист окшойт.
Саахов: Түшүнүктүү...
Шурик: Дал ошол мен губернатор кезимде өзбек президенти Ислам Каримов айыл реформасы боюнча көп айта баштады. Бирок, алар аны «айылда фермерчиликти өнүктүрүү» деп түшүнүп алышты. Ошентип айылдагы өзгөрүүлөр теңирден-тескери кетти.
Каримовдун чакырыгына жооп кылып, айылдагы тың өзбектер 20-30 гектардан жерди ижарага алып башташты. Бирок өкмөт жерди жөн бербей, ал фермерлердин моюндарына план илип салды. Аны аткарбасаң соттолосуң. Бул ири көйгөйлөрдү жаратты.
Мисалы, 2014-жылы фермер Зафарбай Каримов планды аткара албай калып, асынып өлдү. Каримовдун «фермерлештирүү» саясаты жаңы президент Шавкат Мирзиёевге чоң көйгөй жаратты.
Ал айыл саясатын өзгөрүүсүз калтырайын десе өндүрүш натыйжасыз, мамлекеттин дотациясы зор көлөмдө. Кыргыздарды туурап жерди үлүшкө бөлүп берейин десе көптөгөн фермерлер 20-30 гектардан жерлерди 49 жылга ижарага алып алышкан.
Ал жерлерди кайра мамлекетке алуу татаал маселеге айланды. Мисалы, 2018-жылы Кашкадарыя облусундагы Миришкор районунда аким фермер Шерали Давроновдун ижарага алган 40 гектар жерин бир шылтоо таап кайра алып койгон экен.
Ал фермер да асынып өлдү. Өзбекстанда айыл калкынын жашоосу, жумушу оор. Ошол эле Кашкадарыя облусунун Нишан районунда эки баланын энеси, жыйырма алты жаштагы Гузаль Панджиева 2018-жылы талаада иштеп жатып көз жумду. Ошентип, Мирзиёевдин айыл реформасын жүргүзүү максаты туңгуюкка такалып турат.
«Кавказ туткуну» фильминин кыргызча варианты
ФБда сатиралык сериал
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg