www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы  Сыймык Жапыкеев чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып жатат. Мындай пикирди депутат Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев  интернет аркылуу билдирди.

Анын айтымына караганда депутат Жумалиев Жапыкеевга 1 миллион доллар сунуштаган эмес.

--“Сыймык Жапыкеев өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу Жумалиев тууралуу жалган маалыматтарды таратып жатат. Өзү төрага катары ошол 1 миллион берип жаткан адамды, сунуштаган адамды кармап жоопко тартпайбы. Ал дагы Жумалиев кармалат деди. Бул мыйзамга туура келбейт. Ал тергөөчу эмесда. Бул сөздөрү менен Жапыкеев Жумалиевдин сотко чейинки иштерине кийлигишип жатат. Ушул убакытка чейин Кубанычбек Жумалиевдин мыйзамсыз байыганы боюнча бир дагы факты чыккан жок”,-деди жактоочу.  

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости