www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк окмуштуулар желим буюмдарын пайдаланууну азайтуу керек экендигин талап кылууда. Мындай желим идиштерин пайдаланууну токтотпосо 2050-жылдары Жер ортолук деңизи, океандар желим таштандылардын саны балыктардын санына караганда көбөйүп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу маалыматты Еuronews.com жазып чыкты.
Алсак Жер Ортолук деңизинен бир жылдын ичинде 24 млн тонна желим бөтөлкөлөрдүн таштандылары чыгарылат. Алардын төрттөн бири гана океандын түбүнө түшүп кетет. Бул көрүнүш так эсеп менен айтканда ар бир минутада океанга 34 миң даана желим бөтөлкөлөр же желим таштандылар ыргытылып турат. Азыр так ушул таптарда деңизде 250 млрдга жакын желим бөтөлкөлөр балыктар менен кошулуп сүзүп жүрөт.
Дүйнөлүк жаратылышты коргоо уюмунун маалыматына таянсак Барселона Жер Ортолук деңизине жакын жайгашкан эң эле балит аймак болуп эсептелет. Ушул эле жерде жаз айларында желим таштандылар 3 эсе көбөйүп кетет. Анын кесепетинен Жер Ортолук деңизине жакын жайгашкан мамлекеттер желим таштандыларды жыйноо үчүн жылына 640 млн евро сарпташат.
Дүйнөлүк илимпоздор желим таштандылар күндүн нурунан зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат, бул зыяндуу зат адамдар үчүн дагы кооптуу экенин баса белгилеп айтышууда.
Дегенибиз менен баш-аламан таштандыларды жана желим бөтөлкөлөрдүн калкып турганын Борбордук Чүй каналынан көрүүгө болот. Эгерде эсептеп келе турган болсок Чүй каналынан Жер Ортолук деңизинен чыккандай эле желим бөтөлкөлөр чыгышы мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg