www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтор, баш айланат. Борбордун көчөлөрүн араласаң бири - бирине кызырандаган, бирине-бири ишенбеген эл. Тукулжураган экономика. Бир кадр экинчи кадр менен алмашкандай. Баарынан да кызыгы, курулай болтовня!

Баягы эле куру убадалар. Кыйратабыз, коррупцияны жоебуз, обу жоктордун оозун Ошту каратабыз дегендер. Бүгүнкүлөрүбүз кечээ эле шайлоо алдында баарын сонун кылабыз, аз гана убакыт берсеңер, баарыңарды жыргатабыз дешкеничи?

Айлык, пенсиялар көтөрүлөт дегеничи? Билим берүү тармагын «айга» учуруп, ал тармактагы кесиптин ээлерин болсо баарыбыз тамшандырган деңгээлге жеткирмек болгонучу? Саламатыкты сактоо тармагын тим эле жаркыратмак? Азыр эми кайдабыз, эмне заманга туш болуп баратабыз? Деги талуун маселелерди унутуп бараткан жокпузбу?

Азыр алдыңкы орунда болсо кайрадан баягы эле чукумай, бийлик оппонентерин кандай жол менен болсо да оодаруу, эмне болсо да «өз короосунан гана кочкор кошмой» деген менен алек... Бийликке отуруп отура элек жатышып кечээ эле мактап, жактап жаткан санаалаштарын бүгүн «ит талаган түлкүдөй» кылып жатышса...

Ал эми биздин каарман укук коргоочуларыбыз, прократура, сот, «секретный службаларыбыз» баягыдай эле бир тараптуу «фронтко» чабуул жасагандай аракет. Элдин үнүн чагылдырат деген парламенттегилердин дээрлиги кечээ эле башка бирөөнө «сыйынып» жүрүшсө, учурда минтип чай кайнамча аралыкта куюндай 180 градуска бурулуп, каратып туруп жаңы кожоюндун «ырын» ырдап кетишти. Алардын принциптеринин ушунчалык хамелеондой кубулуп кетишкенин көргөн эл баштарын чайкап турат. Чоңдорубуз болсо андайлардын ак карасын ылгабай, тескерисинче ошондойлор менен «табакташ» болуп да алышты. А мындайда жыйынтык кандай болмок эле, нааразылык күн өткөн сайын калындап барат.

Удургуган сөздөр, бирин-бири жөөлөгөн коллективдер, локалдык «төңкөрүштөр», стресстер» кыйраган нервдер, ичтеринен кыжырданган эл. Айла жок ойлоносуң: азыр эмне болуп жатат бүгүн Кыргызстанда? Байлык десе баарын унутуп, бийлик десе бирин-бири жеп, бири-бирин саткан жолдон чыгабызбы деги? Аттиңдики, «Тени исчезают в пол день» деген мираж ушул белем?,- деп коомчулукка пикирин жарыялаган "Айгай" гезити.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости