www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда жазуучу жана драматург Султан Раевдин калемине таандык "Күн кармаган бала" повестинин негизинде коюлган спектакль кызуу талкуу жаратууда. Тагыраагы, спектаклде каармандын жылаңач образынан улам айрымдар ыйман маселесин козгоп, кыжалат болушту. Кээ бирлер болсо, дүрбөлөңгө түшкөндөр жылаңач жигиттин "майлуу жамбашын" эмес, жылаңач образ менен режиссёрдун берейин деген оюн түшүнүп, искусство катары кабылдоо керектигин билдирип жатышат. 

Эки тараптуу маселени талкууга ала турган болсок, чыны менен чыгарма жакшы жазылган. Жазуучу кара сөз түрүндө баарын ачык-айкын берген. Мындай алып караганда жазуу түрүндө баарын жаза берсе болот, ал эми иш жүзүндө, спектакль койгондо жылаңачтанып образ жаратуу, баарын тегиз ачык көрсөтүү менталитетибизге такыр туура келбейт. 

Айрымдар жылаңач актёрду "чыгармадагы оорукчан бала катары кабыл алдык" дешүүдө. Бирок, бүгүн, жамбашын көрсөтсө, эртең алды жагын көрсөтпөйт деп ким кепилдик берет? Буга чейин музейдеги аттуу-баштуулардын кылык-жоруктарын айтпай эле коёлу. Анда дагы искусство деп аялдын жылаңачтанганы коомдо терс сын пикир жараткан эле. Эми минтип театрдагы жагдайдан улам чуу түшүп отурабыз. 

Андыктан, режиссёр, "актёр-пактёрлор" баарын искусствого шылтабай, кыргыз элинин байыртан келе жаткан салт-санаасын дагы эске алышса... Бул турушунда жакында Европаны туурап жылаңач фестиваль уюштурат го...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости