www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путиндин  сунуштары менен ХХI кылымдын саясий архитектурасы өзгөрүүдө деген пикирин NazarNews маалымат агенттигине Токтогул Какчекеев билдирди.

—Кыргызстан КМШнын төрагасы, демек саммиттин Бишкекте өтүшү да мына  ушуга байланыштуу. Туура дүйнөдөгү таасирлүү кармашуулар болуп, Россия 30дан ашык мамлекеттер менен жалгыз күрөшүүдө. Себеби, чоң держава  өзүнүн эгемендүүлүгүн сактоо үчүн күрөшүп жатат. Бул кагышууларда  ЖККУ (ОДКБ),  ЕАЭСтердин өз орду бар. Бирок, булардын Россияга боор тартышын бириккен Батыш жокко чыгарганга эбегейсиз чоң аракеттерди жасоодо.

Чынында Россиянын жардамы менен эгемендүүлүгүбүз сакталып турат. Азыркы Борбор Азиядагы окуяларды карасак, коопту агымдар биздин эгемендүүлүгүбүзгө көз арткан саясат жүргүзүшүүдө. Кыргызстандын өнүгүшүнө Россия гана кам көрүп, келечегибизге шарт түзүп берет. Ошон үчүн тышкы саясатта  стратегиялык өнөктөштүгүбүз менен бирдикте иш алып барганыбыз оң.

Себеби, Владимир  Путиндин жеке эле Орто Азия мамлекеттери эмес бүткүл дүйнөдө орду бар. Эл аралык саясатта Европа менен АКШнын үстөмдүгү жана алардын жеке кызыкчылыгын көздөгөн саясаты ХХI кылымдын шартына туура келбейт. Анткени, дүйнөдө  чоң өзгөрүүлөр болуп, саясатта да, карым-катнаш  өзгөрдү.  Тагыраагы, Владимир Путиндин  сунуштары менен ХХI кылымдын саясий архитектурасы өзгөрүүдө.

Жеңиш күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевич Москвада өткөн парадга катышып, андан кийин экономикалык форумда сүйлөдү. Россиянын президенти Владимир Путин менен жеке келишимдер түзүлүп, Кыргызстан-Россиялык достук мамилеси чың экенин баяндалды. Глобалдык каатчылыктын жакындашы, экологиялык өзгөрүүдө эл-журтка келген кыйынчылыктарда Россиянын жардамы тийерине шек жок.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости