www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарынын 15 жаштагы тургунун өгөй атасы 2 жылдан бери зордуктап келгенин анын жактоочусу Шердор Абдыкапаров кечээ, 18-декабрда билдирген.

Анын айтымында, ага кыздын чоң апасы жардам сурап кайрылган. Ал жактоочуга небересин өгөй атасы зордуктаганын айткан.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 5-декабрда Токмок ШИИБге жергиликтүү тургундар ызы-чуу салган кошуналарга нааразы болуп телефон чалышкан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган. Алар 15 жаштагы А.С. апасы жана жеңеси менен урушканын аныкташкан. Кыз 2018-жылдын август айында өгөй атасы тарабынан зордукталганын билдирген.

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, апасы, жеңеси жана кыз зордуктоо фактысы боюнча милицияга арыз жазуудан баш тартышкан. Алар баш тартуунун себебин бул үй-бүлөлүк көйгөй деп түшүндүрүшкөн. Бирок бул окуя боюнча Жазык кодексинин 161-беренесине ылайык (зордуктоо) кылмыш иши козголгон.

Кызды, анын ата-энесин жана жеңесин милицияга чакырышкан. Ал жерден өспүрүм үй-бүлөсү менен үйүнө кайтуудан баш тартты. Өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор кызды социалдык кызматкерлерге өткөрүп беришкен.

Ал эми сурак учурунда өспүрүмдүн энеси жана анын күйөөсү зордуктоо фактысын четке кагууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Видеону жабырлануучунун жактоочусу берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости