www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британияга Pfizer жана BioNTech компаниялары тарабынан жасалган коронавируска каршы вакцинанын биринчи тобун Лондондун түштүгүндөгү ооруканага жеткирилди.
Шейшемби күнү 800 000 даана вакцина жарандарга сайыла баштайт. Pfizer-BioNTech вакцинасын жеткирүү кыйынга турат, анткени аны -70 градуска чейинки өтө төмөн температурада сактоо керек. Бирок, вакцинаны кадимки муздаткыч температурасында, бир нече күн бою сактоого болот.
Аны даярдоо бир нече саатты талап кылат, алгач вакцина эритилип андан кийин эмдөөгө колдонулат. Бийлик декабрда жана жакынкы айларда өлкөнүн көптөгөн аймактарына вакцинаны жеткирүүнү көздөп жатат. Эскерте кетсек, Pfizer-BioNtech вакциналары болжол менен 95% натйжалуу экени аныкталган.
Булак: NazarNews.kg