www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва шаарында өтүп жаткан эл аралык коопсуздук боюнча IX Москва конференциясында Россия президенти Владимир Путин өз өлкөсүнүн эл аралык мамилелер жаатындагы позициясын эске сала кетти.
РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, Путин Россия өз элинин коопсуздугу үчүн бардык аракеттерди көрөрүн айтты.
«Кечээ өлкө тарыхындагы эң өкүттүү даталардын бирин белгиледик. Туура 80 жыл мурда фашисттик Германия биздин мамлекетке кол салган. Бул окуя бизге чоң сабак болгон. Андыктан Россия өз элинин коопсуздугу үчүн колдон келген аракетин жасайт. Куралдарыбызды күчтөндүрөбүз, дипломатия жолу менен сүйлөшүүгө аракет кылабыз, кызыкдар тараптар менен диалогго барабыз», — деди Путин.
Ошол эле учурда президент Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык маселелерди саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин айтты.
«Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабайт. Дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкмалар менен чечишүүгө салым кошкубуз келет. Россия жаратмандыкты колдойт», — деди РФ лидери.
Мындан тышкары, Путин Россия коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү экенин эч качан унутпасын белгиледи.
«Коңшулар менен ажырагыс тарыхый жана маданий байланышыбыз бар. Биз алардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилигибизди унутпайбыз. Биздин жалпы континентибиздеги тынч жашоо жана ачык асман үчүн аймактык чыр-чатактарды басаңдатууга салым кошо бермекчибиз», — деди ал.
Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясы — коргоо мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт эксперттердин башын бириктирип, коопсуздук боюнча жыл сайын өтүүчү форум.
Булак: NazarNews.kg