www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстандагы алтын өндүрүшүнүн «мафиясынын» түйүнү кайсыл жерде болушу мүмкүн?» десе, «Кыргызалтын» ишканасында болсо керек...» деген божомолго токтолмокмун. Эмне үчүн? Анткени, Кыргызстан «Кыргызалтын» ишканасы аркылуу «Центерра Голд Инк» компаниясындагы эң ири акционердин бири болуп эсептелет. Кумтөрдүн алтынын жана күмүшүн «Кыргызалтын» ишканасы сатат. Тилекке каршы бул ишкананын 100 пайыз үлүшү мамлекеттик болгонуна карабастан Өкмөткө, же Жогорку Кеңешке отчет бербейт. Аталган акционердик коомдун ишмердүүлүгүнүн ачыктыгы көп суроо жаратат. Жалпыга маалымдоо каражаттарына берген отчету дагы бүдөмүк. Өзүнчө табышмактуу ишкана.

Акаевдин канадалык еврей-шылуундар менен бирге «Кыргызалтында» түзүп кеткен коррупциялык схемасы Президенттер, канчалаган Өкмөт башчылары алмашпасын, калыбынан жазбай иштеп келе жатат. Аны бузууга бийликке келген өлкө башчыларынын эрки жетпей, же ошол схеманын катышуучусу болуп алышууда.

Эми «Кыргызалтын» ишканасынын тарыхына сарасеп салалы. Кылдат иликтеп көрсөк, кыргыз бийлигинин былыктары дал ушул жерде жатканына күбө болосуздар. Себеби, акционердик коом аталганы эле болбосо, бул мекеме баягы атың өчкүр Борис Бирштейн баш болгон канадалык ишкерлер менен кешиктеш болгон кыргыз бийлигинин айрым адамдарынын акча адалдоочу жайы экенинен деп шек саноого негиз бар.

Сөз башынан болсун, окурман. «Кыргызалтын» мамлекеттик концерни 1992-жылы 15-декабрда Президенттин Указы менен уюшулган. Анын курамына «Южполиметалл» ишканасы, «Кыргызалтын» өндүрүштүк бирикмеси, Кыргыз тоо кен металлургиялык комбинаты, Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүч материалдар заво-ду, «Сред Аззолотоавтоматика» ишканалары кирген. 1993-жылы 18-январда Кадамжай сурьма жана Хайдаркен сымап комбинаттары концернге кошулган.

Өлкөдөгү ири ишканалардын башын бириктирип концерн түзүү демилгеси Б. Бирштейнге таандык экенин танууга болбойт. Анткени, Союздун маалында Кыргызстан сурьма, сымап өндүрүү боюнча биринчи орунду бербей келген. Адистердин айтканына караганда, согуш мезгилинде ар бир үчүнчү окко Кадамжайдын сурьмасы пайдаланылган деп айтышат. Ал эми 1980-жылдардын аягында Кадамжай сурьмяной комбинаты менен Айдаркен сымап комбинаты өндүрүштүк көрсөткүчү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээлеп келген. Чынында ошол учурда экспорттук мүмкүнчүлүгү өтө күчтүү ишкана түзүлгөн экен. Концерндин программасында 1993-жылы – 1,5 т., 1994-жылы – 3,0 т, 1995-жылы – 4,5 т, 1996-жылы 110,0 тонна алтын өндүрүү каралган. Бирок, программанын башкы кемчилиги – долбоорду каржылоо маселеси камтылган эмес.

Бир топ киреше алып келе турган ишканалардын башын бириктирип «Кыргызалтын» концернин уюштуруу, Бирштейндин Украинага АГ «Украина», Россияга сунуш кылган «Рус» компанияларын түзүүнү көздөгөн долбоорун кайталайт. Болгону ал сценарийин Кыргызстанда эртерээк баштаган. Акаевге жөнөткөн сырдуу катында сунуш кылган, өлкөнү өнүктүрүү концепциясынын «ири экономикалык долбоорунун» бир пункту десек жарашат.

Б. Бирштейн 1991-жылы сентябрь айында өз сунушу менен кайрылып жатса, ошол жылдын октябрь айындагы Указы менен

А. Акаев «Кыргызстан-Сиабеко» мамлекеттик-жеке менчик корпорациясын түзөт жана Кыргыз Республикасынын экономикасын реконструкциялоо жана экономиканы өнүктүрүү комитетинин уюштурат. Кийинки жылы «Кыргызалтын» концерни пайда болгон.

Концернди уюштуру «чу» дегенде эле, мыйзам бузуулар менен башталган. Ишканаларды «Кыргызалтындын» курамына киргизүүдө эмгек жамаатынын, жетекчиликтин пикири эске алынган эмес. Алысты болжогон так экономикалык программасы болбосо, кайда бармак эле? Концерн тар чөйрөнүн кызыкчылыгына кызмат кылып калган.

«Легендарлуу» парламенттин депутаттык комиссиясынын маалыматтарына таянсак, ошол учурда «Кыргызалтын» аркылуу ири суммадагы валюталык каражаттарын талаага чачканын тастыкташат. «Мисалга кайрылалы, «Кыргызалтын» мамконцерни валюталык эсебинен 2 млн. го жакын АКШ долларын; сарптаган (1991-жыл 27.09 – 1993-жыл 18.06 чейин); ал эми 1000000 доллар республиканын Президентинин фондусуна берилген; 20 миң доллар «Кыргызөнөржайкурулуш» банкына жардам катары берилген; 102 миң 120 доллар он жеңил машина сатып алууга сарпталган. 600 доллар «Кыргызалтындын» Президентинин эл аралык сүйлөшүүсүнө орнотулган телефонго корогон, ж. б. Ошентип, бир сөз менен айтканда негизги алтын казуучу тармакка бир да доллар кеткен эмес...» (Булак: ЖКнын стенографиялык отчеттон) дейт маалыматта.

Сыртынан салабаттуу көрүнгөнү менен ичинен ирип жаткан бул ишкана, аттанганда эле «ээрге кыйшык» отурганы бизге маалым болуп отурат.

Дагы бир көңүл бура турган жагдай бар, окурман. «Кыргызалтын» концерни 1992-жылы декабрда уюшулуп жатат. Ага чейин Президент Акаевге кеңешчи болууга үлгүрүп, Ак үйдүн жетинчи кабатынан орун алган чиновник Б. Бирштейндин «Сиабеко» фирмасы «Макмалалтын» кенин иштетүү боюнча кыргыз Өкмөтү, «Кыргыззолото» өндүрүштүк бирикмеси менен кызматташууга кол коюшкан. Швейцариялык компания 22,5 млн. доллар насыя берүүнү убада кылган. Кийин мунун баары, келишими баш болуп жалган болуп чыкты.

Ошондо парламенттик комиссияда «Кыргыззолото» ишканасынын башкы директорунун орун басары А. Т. Серебрянский мындай маалымат берген: «Сиабеко» менен болгон кызматташтык боюнча көптөгөн суроолор туулат. Фирма менен «Макмалзолото» комбинатын реконструкциялоо жөнүндө контракт түзүлгөн. Анда «Сиабеко» техника, технология жана кызмат көрсөтүү түрүндө 22,5 млн. доллар кредит берери каралган. Мөөнөттүн баары бүттү. Кредиттер болсо жок. Инвесторлордун өзү дагы көрүнбөйт. 1992-жылдын 25-майындагы контракт боюнча бөлүнгөн доллар 1992-жылы 16-июндагы контракт менен байланышбаган жана өз ара катышы жок. Алар сүйлөшүүлөрдүн эң алгачкы этабында жабдыктарды, техниканы сатып алуу жана өндүрүштү өнүктүрүү, анын ичинде эл керектөөчүтоварларды алуу үчүн убактылуу жардам катары берилген.

Ырасында эле, бул каражаттардын чоң бөлүгү (100 миң доллардан ашыгы) фирманын Израилде иштеген филиалы «Сиабеко-Трейдингге» товарларды сатып алуу үчүн чыгымдалган. Бул фирма менен таанышкандан кийин мен, делегациянын курамын «Сиабеконун» чакыруусу боюнча 1992-жылдын май-июнунда Канада менен АКШда болгом. Мага ачык болуп калгандай, ал – далдалчы гана фирма, түздөн-түз өндүрүш менен Нью-Йорк филиалы (кабинеттерге коюлуучу мебелдер) гана иштейт. «Сиабеко» алтын өндүрүш ишин жүргүзбөйт. Ошондуктан, ал фирма башка аткаруучуну тартууга аргасыз болору белгилүү. «Эмне үчүн мындай кызматташтык?» деген суроо пайда болгон. Анын үстүнө контракттын шарты Кыргызстан үчүн пайдасыз.

Себеби, кредит берилгенден кийин, аны жабуу үчүн «Сиабеконун» пайдасына өндүрүлгөн алтындын 50 пайызы которулат. Нью-Йорктогу контрактты талкуулоодо биз бул пунктка катуу каршы болдук. Анткени, кредит жабуу реконструкциядан кийин алтындын жогорулашынын бөлүгүнөн чыккан 50 пайыздын эсебинен жүргүзүлөт деп эсептедик. Биздин көзүбүзчө «Сиабеконун» башчысы Б. Бирштейн бул маселе боюнча Нью-Йорктон Т. Ч. Чынгышевго телефон чалды. Бишкекке кайтып келер замат эле К. К. Кыдыров сүйлөшүүнүн жүрүшү жөнүндө билдирип, черновый (даярдалып аткан) документтерди берди. Тилекке каршы, 1992-жылы 16-июнда акыркы кол коюуда так эле «Сиабеконун» формулировкасынын редакциясы калтырылды. Т. Ч. Чынгышев негедир ушул формулировка менен макул болду...» (Булак: ЖКнын стенографиялык отчеттон).

Бул «Кыргызалтын» концерни түзүлгөнгө чейинки окуя. Бирштейндин ишканасы алтын өндүрбөгөнүн, келишимдин шарты Кыргызстан үчүн пайдасыз экенин айткан адистин сөзүнө кулак салбастан, «Сиабеконун» сунушуна макул болгон Т. Чынгышевди кандай түшүнүүгө болот? Бул дагы болсо, Б. Бирштейндин кыргыз бийлигинин мурдуна чүлүк салып жетелеп алганынын далили эмеспи. «Кыргызалтын» концерни уюшулгандан бери анын курамына кирген ишканалардын бар-жок экени билинбей калды. Ар кимиси өз арбайын тартып, бириктирүүнү максат кылган ойлонулбаган чечимдер ири ишканалардын өндүрүштүк ыргагына терс таасирин тийгизди. Алар ара жолдо калышты. «Кыргызалтын» өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткара албай, канадалык компаниянын жетегинде калды. Ошону менен бирге өндүрүштү жандандыруу эмес, өндүргөн алтындын шылтоосу менен кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгына иштей баштады.

Акыркы жылдарда «Кыргызалтын» ачык акционердик коому деп аталып жүргөнү менен жогоруда айткандай, дале жашыруун, дале бүдөмүк ишкана бойдон калууда. Эл аралык маанидеги биржа Торонтодо акциялары жүгүртүлүп жаткан «Кыргызалтындын» «чоңдору» дагы чоң жеп, чочойуп отурган кызматы дагы майлуу-сүттүү болуп келген.

Маселен, «Кыргызалтын» ААКнын башкармалыгынын мурдагы төрагасы Д. С. Жапаров бир эле учурда «Кумтор Голд Компани» ЖАКнын директорлор кеңешинин орун басары болсо, «Кыргызалтын» ААКнын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Т. К. Сабыров, «Кумтор Голд Компани» ЖАКнын текшерүү комиссиясынын мүчөсү болгон. Демек, бул эки «азамат» канадалык компанияда иштеп, алардан айлык алып жатпайбы. Корпоративдик этикага байланыштуу булар биздин өлкөнүн кызыкчылыгын коргоого акысы жок.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары тарабынан «Кыргызалтын» ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу бир топ сын пикирлер айтылды. Парламентте мамлекеттик ишкананын башчысынын айлык акысы дагы козголгон.

Ошондо, «Кыргызалтын» ишканасынын азыркы Президенти Алмазбек Алимбеков, «Мен «Кыргызалтындан» 70 миң сом маяна алам. Андан тышкары «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү катары 4 миң доллар алам. «Кыргыз-алтындын» директору бир эле учурда «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын директорлор кеңешине мүчө боло алат. 2009-жылы түзүлгөн макулдашууга ылайык, буга мыйзам жол берет», – деп жооп берген, Би-Би-Сиге берген маегинде.

Ошол эле учурда Кыргыз Өкмөтүнүн пайдасы үчүн Директорлор Советинин мүчөсү катары кандай маселелерди коюп келгенин айтпайт. Ошентип, канадалык шылуундар «Кыргызалтындын» «чоңдорун» сыйлуу жерге отургузуп коюшуп, «Кумтор Голд Компани» ЖАКнын финансылык-чарбалык иштерин, айрыкча, жабдууларды, сырье жана материалдарды сатып алууну көзөмөлдөөдөн толук четтетип коюшкан.

Мен учурунда өзүм жетекчилик кылган «Элдик көзөмөл» коомдук кыймылынын атынан канча алтын, күмүш жана башка баалуу металлдар казылып алынып, кайда жумшалып жаткандыгы тууралуу «Кыргызалтын» ишканасынын башчысы А. Алымбековго атайын кат менен кайрылып жооп ала алган эмесмин. Аталган мамлекеттик ишкана коомчулук үчүн ар дайым жабык мекеме бойдон калууда.

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы жанын кыйнаган чарба субьектиси деп айтууга болбойт. Алар өндүрүштү жандандыруунун ордуна кызмат көрсөтүү менен күн көрүп келет. Анткени, миллиондогон сом каражатты аффинаждоо заводунан алат. «Кыргызалтын» ишканасы мурда алган бир нече лицензияларынан кол жууп, алар жеке ишканаларга сатылып кетиптир. Учурда «Алтынкен», «Эти Бакыр Терексай», «Макмал» жана «Солтон-Сары» алтын кендерин иштетет экен. Мамлекеттик ишкананын кен ишетүүчү төрт гана лицензиясы бар экени өкүнүчтүү. Себеби, "Кыргызалтын" ишканасынын лицензия ала албай жатканынын башкы себеби – коррупция дешет адистер.

Дагы бир көңүлгө ала турган факты, жалпыга маалымдоо каражаттарында «Кыргызалтындын» жетекчилигин Тогуз-Тородогу алтын өндүрүүчү заводдун өрттөлүшү боюнча күнөөлөгөн маалыматтарды жарыялашкан. Азыр сот процесси жүрүп жатыптыр. Инвестордун мүлкүн талкалоо үчүн 90 миң доллар жумшаганын «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын башкы директору Максат Жээналиев Өкмөттүк гезит аркылуу билдирген. Ал, «Кытайлык инвестор завод өрттөнүп кеткенден кийин мага, «Буга акчаны берип койсом болмок экен» деп айтып жатпайбы. «Эмне болгон акча?» деп сураганымда, «Менден 500 000 доллар сурашкан», деп атпайбы. Учурда бул иш боюнча инвестордун арызы прокуратурада, бирок, азырынча жыйынтык чыга элек. (Булак: «Кыргыз Туусу» гезити, 15-май 2020-жыл).

Бул эмне «Кыргызалтын» мамлекеттин рэкети болуп алганбы? Кайсыл доордо жашап жатабыз? Кыргыз Өкмөтүнүн жүзүн «Кыргызалтындын» ишинен көрөбүзбү?

Башында сөз болгондой «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы өлкөнүн тоо кен өнөр жайын өнүктүрүүнү камсыз кылуу багытында уюшулган болчу. Эми азыр бул ишкана «Центерранын» көзүн караган канадалыктардын сөзүн сүйлөгөн, алардын «оту менен кирип, күлү менен чыгып» жаткан бечара мекемеге айланды. Акыркы жылдары «Кыргызалтын» ААКнын кирешеси азайып, банкроттук абалга кептелип калганын айтышууда. Учурда, бул ишкана Ысык-Көлдөгү пансионатынан жана зер бумдарды чыгарган цехтин эсебинен айлык-акы алышып, эптеп жашап жатат дешет. Дүйнөдөгү ири компаниянын 26,5 пайызынан ашык үлүшүнө ээ болгон, андан башка өлкөнүн ичиндеги үч-төрт кен чыккан жерлерге кожоюндук кылган мамлекеттик ишкананын абалы чын эле оорбу?..

2003-жылдын 31-декабарынан бери «Кыргызалтын» ААКсы «Центерра Голд Инк» компаниясынын «короосунда» кызмат өтөп келет. Канткен менен намыстанып, билекти түрүнө иштеген эр азаматтар бийликке келсе, «Центерранын» ири акционери катары киреше табууда дале «укуругу узун» болмок. Себеби, Кыргыз Өкмөтү жакшыбы, жаманбы дүйнөдөгү эң ири алтын өндүрүүчү компаниянын 26,5 пайыз үлүшүнө ээ болуп отурат. Демек, рыноктун, биржанын, заманбап технологиянын «тили» менен сүйлөшө биле алган азамат менеджерлерди компаниянын директорлор Кеңешине отургузса, «Кумтөр» айда алтын, күндө күмүш таап берген, ишканага айланары турган иш. Аталган акционердик коомдун ордуна ачык иштеген мамлекеттик өндүрүш ишканасын түзсө Кыргызстан үчүн пайдалуу болмок. Канчалаган жумуш орду пайда болуп, салык, социалдык төлөмдөр түшөт эле? Ал эми Кумтөрдөн чыккан алтын, күмүштөрдү «Кыргызалтын» АК сатып, брокер катары өз пайызын миллиондогон долларлар менен алып жамбаштап жатат.

Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин каты

Тилекке каршы, Кыргызстандын атынан «Центеррадагы» директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө заманбап технологияны эмес, коррупционерлердин «тилин» билгендер барып жатат окшойт. Анткени, Кыргыз Өкмөтүнүн эл аралык компанияны башкарууга болгон таасири солгундап, жылдан-жылга акциянын үлүшү азайып барышы шек жаратат. Кыргыз Өкмөтү тарабынан сунуш кылынган директорлор кеңешинин мүчөлөрү Өкмөттүн канадалык ишкерлердин ортомчусу эле болбосо, эл аралык рынокто Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоодо жарытылуу эч нерсе бүтүрбөгөнү байкалып эле турбайбы.

Кийинки учурларда «Центерранын» директорлор кеңешинин 11 мүчөсүнүн үчөө Кыргызстандык болуп калды. Андан калса, компаниянын вице-президенттик кызматын кыргыз жаранына ыраа көрүшүүдө. Бул деле жакшы жөрөлгө. КРнын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын февраль айындагы Убактылуу депутаттык комиссиясынын отчетундагы маалыматтарга ишенсек, буга чейин «Центерранын» директорлор Кеңешинде мүчө болуп келген Амангелди Муралиев 2011-жылы жалпы суммасы 188 883 доллар, Карыпбек Ибраев – 188 922 доллар, Ниязбек Алдашев – 104 569 доллар төлөмдөрдү алышкан экен.

Анан дагы ушул эле депутаттык комиссиясынын маалыматында төмөндөгүдөй фактылар, мен жогоруда айткан кооптонууларымды тастыктап турат. Анда эмесе назар салалы: «Еще одной из главных причин, по нашему мнению, пассивной работы членов Совета Директоров с кыргызской стороны (А. Муралиева, Н. Алдашева, К. Ибраева) является то, что выплачиваемое материальное вознаграждение членам Совета Директоров производит сама компания «Центерра Голд Инк.», из своего бюджета, что ставит всех членов Совета Директоров в зависимость от компании и влияет на все принимаемые компанией решения. При этом сумма материального вознаграждения членам Совета директоров многократно превышает средний доход самых высокооплачиваемых чиновников в Кыргызстане.

Так, например, по итогам 2011 года каждый из представителей кыргызской стороны, как указано выше в таблице, получил в виде зарплаты в среднем 190 000 долл. США в год, или 8 740 000 сомов, в том числе акциями компании, и годовые премиальные в зависимости от результатов работы компании (от 50 до 150% к прямой зарплате). Кроме этого, они дополнительно получают ряд косвенных выплат, таких как за посещение заседаний Совета директоров (4500 долл. США на карманные расходы, кроме транспортных расходов и проживания), компенсации за страхование и т. д. Все эти факты свидетельствуют о прямой заинтересованности или зависимости наших членов Совета директоров от политики компании «Центерра Голд Инк.», в ущерб интересам Кыргызской Республики.» (Булак: КРнын Жогорку Кеңешинин Убактылуу депутаттык комиссиясынын отчетунан).

Ал эми учурдагы «Центерра» компаниясынын жалпы директорлор кеңешине Канадалыктар тарабынан Ричард К. Коннер, Стивен А. Ланг, Майкл Пэррет, Джек Перрон, Скотт Перри, Шерил К. Пресслер, Брюс В. Уолтер, Сьюзан Юркович мүчө болуп киришкен болсо, Centerra Gold Inc. компаниясынын Директорлор Кеңешинде үч адам – Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнбаев, Аскар Өскөмбаевдер Кыргыз Өкмөтүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышат. Алар канчалык деңгээлде Кыргызстандын экономикасына салым кошуп жатат, билип болбойт. Анткени, алар Кыргыз мамлекеттинин кызыкчылыгын көздөп маселе көтөрүүдө өтө алсыз.

Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнбаев, Аскар Өскөмбаев

Себеби, «Кыргызалтындын» мурдагы президенти Дилгер Жапаров парламенттин жыйынында, «Центерра голд инк.» компаниясынын директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын өкүлдөрү болгон Амангелди Муралиев менен Карыпбек Ибраимовду Жогорку Кеңештин жыйынына катышууга канадалык компаниянын башчылары тыюу салганын билдиргенин, депутаттык комиссиянын маалыматын тастыктап турат. Парламентте Д. Жапаров, «Центерра» компаниясында иштеп жаткан Кыргызстандын өкүлдөрү Директорлор кеңешинин жыйыны жөнүндөгү маалыматты жарыялоого акысы жок, анткени ал жашыруун сыр болуп эсептелет», деп айткан.

Алардын Уставы жана корпоративдик этика боюнча биздин Өкмөттүн өкүлдөрү болгон жарандарыбыз Кыргызстандын гана кызыкчылыгын коргоого акысы жок экен. Демек, «Центеррадагы» Директорлор кеңешинин учурдагы мүчөлөрү деле Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнбаев, Аскар Өскөмбаевдер корпоративдик этиканын чегинен чыкпай, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн чечкиндүү коргой албай турганы бештен белгилүү.

«Кыргызалтындын» ишмердүүлүгүндө ачыктык жок болгондуктан, эл аралык биржалардын мүмкүнчүлүгүн кандай пайдаланып жатканын билүү кыйын.

Бир мисал, азыр эми «Центерранын» акциясынын наркы Торонтодогу (TSX) биржада USD 12,0–13,0 доллардын тегерегинде болуп турат. Акчага айландырганда 500–600 млн. АКШ долларын түзөт экен. «Кыргызалтын» 2016-жылдан бери алгачкы жолу быйыл 2,2 млн. доллар дивиденд алган. Бүгүнкү күндө дүйнөдө алтындын баасы тарыхый максимумга чыкты. Демек, «Центерранын», анын ичинде Кыргызстандын да акциялары кымбаттады. Эл аралык «Yahoo! Finance» финансылык маалымат провайдериндеги анализ көрсөткөндөй, (2020-жыл 29-июлга карата) алтындын бир унцийинин наркы Нью-Йорктогу COMEX биржасында 1950–1955 АКШ долларынын тегерегинде кармалып турду. Бир жыл мурда эле алтындын бир унцийи 1400 доллар болчу. Мына эми Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жан тартып иштей турган учуру келди.

«Кумтөрдүн» запасы жылдан-жылга азайып баратат. Муну дагы ойлонуш керек. Ошондуктан, Өкмөт көрүнгөн эл аралык каржы уюмдарынан тилемчилик кылып карыз сурабай, акциялардын кайсыл бир үлүшүн сатып, түшкөн акчаларды өндүрүшкө жумшап, жумуш орундарын түзсө болот эле. Быйыл эле мамлекетибиз пандемиянын кесепетинен 800 млн. АКШ долларынын тегерегинде карыз алды.

Анан дагы учурда дүйнөдө мамлекеттер алтын запасын көбөйтүүгө кызыкдар болушууда. Алтын өзүбүздөн чыгып жатат, алтын корун көбөйтүүгө биздин Өкмөткө ким жолтоо болуп жатат?

Биз каалайбызбы, каалабайбызбы кыргыз Өкмөтүнүн үлүшү «Центерра голд» компаниясынын натыйжалуу иштешине жараша пайда алып келет. Эми аны чакан топтун гана эмес, жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштешине аракет кылышыбыз керек. Жалгыз «Кумтөр» кенинин эсебинен «жанын баккан» «Центерра» эл аралык деңгээлдеги компания болуп калды. Демек, мында «Кумтөр» алтын кенинен түшкөн пайданы гана эсептебестен, дүйнөлүк рыноктун масштабында ой жүгүртүү абзел.

Ошондуктан, ушул багытта иш жүргүзө турган эл аралык деңгээлдеги заманбап мыйзамдарды түшүнө билген адистер керек. Өң тааныш, таяке-жээндерди кызматка коюу жарабайт. Дүйнөлүк ири биржалардын сырын билген, дасыккан адисти тандоо учурдун талабы болуп турат. Мында «Центерранын» директорлор кеңешине мүчө болгон тажрыйбасы мол биздин жарандарыбыздын саясый эрки, патриоттуулук позициясы маанилүү ролго ээ.

КУБАНЫЧБЕК ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, экс-вице-спикери, КРнын Эмгек сиңирген экономисти, юридика илимдеринин кандидаты

Последние новости