www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путин Садыр Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктады

Орусия президенти Владимир Путин чет өлкөлөрдүн башчылары менен өкмөт жетекчилерин куттуктап, анын тексти Кремлдин сайтына жарыяланды.

РФ лидери Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго да кайрылып, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилесин жогору баалаган. Өз куттуктоосунда ал Бишкектеги октябрь айында болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасына оң баа берген.

"Макулдашууларды ишке ашыруу саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, КМШ, ошондой эле башка структуралардын алкагындагы кызматташууну илгерилетүүгө өбөлгө болот", — деп айтылат текстте.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости