www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Орусия Украинада согуш эмес, аскердик операция жүргүзүп жатат деген оюн билдирген. Эгерде Москва согуш жарыяласа, анда мобилизация башталмактыгын айткан. Өкмөт башчы "мындай болбогонуна тобо кылгыла" деген маанайда да чыгып сүйлөгөн эле.

Венгрия Украинада орусиялык энергоресурстар боюнча санкцияларга жана Киевге курал жөнөтүүгө башынан каршы чыгып келет. 2022-жылдын март айында алардын парламенти өлкөнүн аймагынан Украинанын Куралдуу күчтөрүнө согуштук техниканы жөнөтүүгө тыюу салган жарлык чыгарган. ТИМ башчысы Петер Сийярто Будапешттин этникалык венгрлер жашаган Закарпатьени коопсуз кылууга умтуларын, анын аймагы аркылуу курал-жарак, ок-дарыны өткөрүү мыйзамдуу аскердик бута болуп каларынан сактанганын билдирген.

Мамлекет башчысы Венгрия Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн тез башталышын колдоорун айткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости