www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер титирөө кырсыгы Жапонияга жетти

Дүйшөмбү күнү Жапониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер бир нече жолу силкинип, миңдеген имарат, он миңдеген үй, унаа каражаттары, кайыктар талкаланды.

Жапонияда 1-январдагы катуу жер титирөөдөн каза болгондор 48 адамга жетти, дагы 16 адамдын жарааты оор. Жапон өкмөтү апта ичинде жер дагы титиреп, күчү 7 баллга жетиши ыктымал экенин эскертип, кооптуу аймактарда жашаган элди этият болууга чакырды. 2-январда Токиодо өткөн маалымат жыйынында Жапониянын Министрлер кабинетинин башкы катчысы Ёсимаса Хаяси куткаруучулар уранды алдында калган дагы 120 адамга жетүү аракетин көрүп жатышканын билдирди:

“Апта ичинде 7 баллдык жер титирөө болушу ыктымал. Кечээки кырсыктан жабыркагандар, жергиликтүү бийлик аркылуу эвакуация бекеттери тууралуу маалыматты тактап, тийиштүү чара көрүңүздөр. Азыркы тапта 120 адам куткаруучунун жардамын күтүп жатат”.

Кырсык болгон аймакта 1000 аскер кызмактери куткаруучуларга жардам берип жатышат. 100 миңдей адам эвакуацияланды.Аймакта жайгашкан бир нече атомдук электр станциясы кадимки тартипте иштеп жатканы кабарланды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости