www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапония кырсыктап турат

Жапониянын борбор шаары Токиодо «Ханеда» аэропортунда 2-январда кырсыкка учураган учактын жүргүнчүлөрүнүн баары жана экипаж аман экенин маалымат билдирди. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, учактын ичинде 400дөй адам болгон, алар сыртка чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Аэропорттун конуу-учуу тилкесинде Хоккайдо аралынан учуп барган Japan Airlines авиакомпаниясына таандык учак өрттөнүп жаткан видеолор тарап жатат. Баштапкы маалыматтарга караганда, ал жерге конгондо башка учакты сүзүп алган болушу ыктымал.

Жапониянын Жээктеги күзөт кызматы өрттөнгөн учак анын учагы менен сүзүшкөнү тууралуу маалыматты териштирип жатканын билдирди.

«Ханеда» — Жапониянын жүргүнчү эң көп каттаган аэропортторунун бири. Жаңы жылдык майрам күндөрү анда эл абдан көп болот.

Бул окуя Жапонияда 1-январдагы элүү чакты адамдын өмүрү кыйылган катуу жер титирөөнүн кесепетин жоюу иштери жүрүп, жер дагы катуу силкиниши ыктымал деген кооптонуу күчөп турган чакта болду. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости