www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Казак уруулары Орто Азияда көчүп-конуп жүрүшкөн. Ал жакта мамлекет болгон эмес". Мындай пикирин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Вячеслав Никоновду колдоо иретинде орус саясатчысы Владимир Жириновский билдиргенин орус басылмалары жазышууда.

"Никонов туура айтат. Казак уруулары Орто Азияда көчүп-конуп жүрүшкөн. Ал жакта чек арасы, башкаруусу бар мамлекет болгон эмес. Баарын Совет бийлиги жасалма жол менен курган", - деп айткан Жириновский.

Буга чейин Орусиянын Биринчи каналында эфирге чыккан "Большая игра" берүүсүндө орус парламентинин депутаты Вячеслав Никонов СССРдин кулашы тууралуу сөз кылып жатып "Казакстан деген өлкө тарыхта болгон эмес" деген пикирин айткан.

"Тарыхта Казакстан деген өлкө болгон эмес. Түндүк Казакстанда эч ким жашаган эмес. Алар түштүк тарапта жайгашкан. Азыркы Казакстандын аймагы - бул СССРдин жана Орусиянын чоң белеги", - деп билдирген Никонов.

Мындай билдирүү социалдык тармактардын казак секторунда, маалымдоо каражаттарында чоң резонанс жаратып, көпчүлүк Никоновдун айткандары боюнча кечирим суроосун талап кылышкан.

Орус депутатынын сөзүнө Казакстандын Тышкы иштер министрлиги реакция жасап, өлкөдөгү Орусиянын элчисине нааразычылык нотасын да тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости