www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаныбарлардын укугун коргоочулар – XXI-кылымда Бишкек менен башка региондордо жолбун жаныбарлар мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатканына нааразы. Алардын маалыматы боюнча, ар бир өлтүрүлгөн итке 300 сомго жакын төлөнөт, Бишкектин шаардык бюджетинде болсо ага 30 млн сом каралган. Дал ошол себептен жолбун иттерди жок кылуу боюнча тендерлерде жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен байланышкан уюмдар жеңип чыгат.

Быйыл февралда жаныбарлардын укугун коргоочулар мэриянын алдына митингге чыккан жана ал окуя боюнча – атактуу франциялык актриса Брижит Бардо пикирин билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жазган. Анын фонду – Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин билдирип, маселени гумандуу жол менен чечүүгө акчалай жардам берээрин айткан. Бул – вакцинация жана стерилизация.

Бирок шаар жетекчилиги үчүн – эл аралык фонддон жардам алгандын ордуна иттерди атып салуу алда канча пайдалуу сыяктуу. Кээде андай аракеттер түнүчүн же таң эртеде эмес, күндүз жана элдин, кээде – жаш балдардын көзүнчө жасалат. Албетте, бул – мыкаачылык.

Последние новости