www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңешке шайлоого үгүт иштерине Ош шаарындагы студенттердин катышканы үчүн Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан алынды.
Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б. Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу кызматынан алынды.
Билим берүү жана илим министри Болот Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланды.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров 8-ноябрдын кечинде шайлоо процессинин ачыктыгын камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга жана мамлекеттик кызматкерлердин ага кийлигишпөөсүнө тийиштүү жасаган билдирүүсүндө белгиледи.
Өкмөт башчы жалпы бюджеттик кызматкерлерге жана жетекчилерге кайрылып, алардын үгүт иштерине катышуусунун зарылчылыгы жоктугун айтты.
“Түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарыңыздар. Сиздердин милдетиңиздер – шайлоолорду өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо. Жарандык позицияны шайлоо күнү добуш берүү аркылуу билдире аласыздар. Бүгүнкү күндө шайлоо процессине кийлигишпеңиздер”, - деп жазылган билдирүүдө.
Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун шайлоону таза өткөрүү тууралуу жарлыгын так аткарылышын Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын жетекчиси катары талап кыларын билдирди.
Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 1-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоо боюнча жарлыкка кол койгон. Жарлык жарыялангандан он күн өтпөй, шайлоо жараянына аралашканы үчүн Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызмат ордунан четтетилген. Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланган.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоо аралаш система менен өтөт. Жогорку Кеңештеги 90 депутаттык орунга 54 депутат саясий партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.
Булак: NazarNews.kg