www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын кызматкерлери «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмдун лидерин кармады. Ал чет өлкөнүн жараны, деп билдирди бүгүн, 9-ноябрда комитеттин басма сөз кызматы.

«Өзбекстандын укук коргоо органдары издеп жаткан Ш.Ш. Ош шаарынын аймагынан 4-ноябрда кармалган. Ал «Хизб ут-Тахрир» уюмунда Өзбекстан боюнча жооптуу болуп, өлкөнүн түштүк аймагында уюмдун түзүмүн бекемдөө иштерин активдүү жүргүзүп келген», - деп айтылат расмий маалыматта.

УКМК тактаган маалымат боюнча, Ш.Ш. өздүгүн аныктоочу жасалма документ менен Кыргызстандын аймагында жашырынып жүргөн. Шектүү УКМКнын абагына убактылуу камакка алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости