www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапониянын өкмөтү толук курамында отставкага кеткенин РИА Новости Киодо агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

Министрлер кабинети 4-октябрда Фумио Кишиданын премьер-министрликке шайланышына байланыштуу түзүлгөн. Бирок 14-октябрда парламенттин төмөнкү палатасы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу таркатылып, 31-октябрда жаңы курамга шайлоо өткөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Жапониянын премьер-министри Фумио Кишида анын партиясы парламенттин төмөнкү палатасына шайлоодо шайлоочулардын колдоосуна ээ болгондон кийин өлкөнүн жарыяланган курсун дароо ишке ашырууну каалай турганын билдирген. Парламенттин кезексиз жыйыны 10-ноябрда чакырылат деп болжолдонууда.

Жаңы парламент өлкөнүн премьер-министрин шайлайт, бул формалдуу болуп калат, анткени Кишида өкүл болгон партия парламенттик добуштардын жарымынан көбүн алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости