www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сингапур өкмөтү 8-декабрдан тартып эмдөөдөн өтпөгөн жарандар коронавируска кабылса, дарылануу чыгымдарын төлөп бербейт. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Онг Е Кунг билдирди.

“Саламаттык сактоо министрлиги эмдөөдөн баш тарткандан кийин COVID-19га кабылган бейтаптардын дарылануусу үчүн акы алат”, - деди Кунг.

Чектөө 12 жашка чейинки балдарга жана медициналык себептерден улам эмдөө албай калган жарандарга тиешелүү эмес.

The Straits Times басылмасы кабарлагандай, акыркы айда Сингапурда жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган улгайган бейтаптардын үчтөн экиси COVID-19га каршы эмдөө алган эмес.

Сингапурда COVID-19га карата эмдөө былтыр декабрда башталган. Pfizer жана BioNTech вакцинасын биринчилерден болуп медициналык кызматкерлер менен улгайган кишилер ала баштаган. Кийинчерээк өлкөдө америкалык Moderna компаниясынын вакцинасын да колдонууга уруксат берилген.

Сингапурда ушул тапта бир күндө эки миңден ашуун киши вирус жуктуруп алууда. Калктын 85% толугу менен эмдөөдөн өткөн, дагы 18% экинчи жолу вакцина алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости