www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Омск облусунун Черлак райондук соту кыргыз жараны Адинайга (аты өзгөртүлдү) өкүм чыгарды. Бул тууралуу «Комсомольская правда» маалымат агенттиги Федералдык коопсуздук кызматынын Якутия боюнча өкүлчүлүгүнө шилтеме берүү менен билдирди.
Адинай жасалма документ менен Россиянын аймагына бир нече жолу кирген деп айыпталган. Тактап айтканда, Адинай 2016-жылы Якутиянын райондук соту тарабынан миграция мыйзамдарын бир нече жолу бузгандыгы үчүн Россиянын аймагынан күч менен чыгарылган.
Кыргызстанга келгенден кийин Адинай жасалма документ сатып алып, Новосибирскке барган. Бирок ал жактан чек арачылар тарабынан кармалган. Аны кайрадан Кыргызстанга жөнөтүшкөн.
Ага карабай Адинай кайрадан жасалма документтердин жардамы менен Казакстандан Россияга барган. Аны Якутиянын Удачный шаарынан кармашкан. Адинай күнөөсүн мойнуна алган.
Анын үстүнөн Россия Федерациясынын чек арасынан мыйзамсыз өткөн деген жүйөө менен кылмыш иши козголгон. Адинай сот тарабынан күнөөлүү деп табылды, бирок жазасы так айтыла элек.
Булак: NazarNews.kg