www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясынын алкагында 50дөн ашык бизнес-долбоор жана инвестициялык демилгелер сунушталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөт төрагасынын орун басары Алексей Оверчук жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков Ысык-Көлдөгү Grand Baytur аянтчасында уюштурулган көргөзмө-жарманке экспозициясы менен таанышты.

Көргөзмөгө Кыргызстандын бардык облустарынын стенддери, ошондой эле 50гө жакын ата мекендик жана россиялык компаниялардын, билим берүү жана каржы уюмдарынын өкүлчүлүктөрү катышты.

Катышуучулар инвестициялык долбоорлорун, заманбап технологияларын, өнөр жай продукцияларын жана эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттарын көрсөтүштү.

Экспозицияда «Альянс Алтын», «Альянс Гидро», «Белая река», «КАМАЗ», «Учкун», Ferents&Co, Heaven Island (бионикалык үйлөр долбоору), КАР Автомаш, «Сталь Двор» жана башка өнөр жай, курулуш, агроөнөр жай, энергетика, санариптик технологиялар жана машина куруу тармагында иш алып барган компаниялар өз долбоорлорун сунушташты.

Иш-чаранын алкагында электр энергиясын өндүрүүчү жаңы кубаттуулуктарды түзүү, өндүрүштү локалдаштыруу, заманбап технологияларды киргизүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган биргелешкен кыргыз-россиялык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Көргөзмөнүн соңунда делегация өкүлдөрү катышуучулар менен баарлашып, Кыргызстан менен Россиянын экономикалык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Последние новости